"Эркин-Тоо"

“ТУРГУН ӨТКҮР ЖИГИТ ЭЛЕ”

КР эмгек сиңирген артисти Тургун Бердалиев “Кыргыз керемети” аталган кинолордо кичинекей ролдорду баш каарманга тете кылып ойногон таланттуу актёр болгон. Анын эч кимге окшобогон өзгөчө  өңү-түсү, үнү, бой-келбети ар бир кыргыздын карегинде калган образдарды жаратты. Узун элдин учуна “Акмөөр” телефильминдеги Баяндын ролу менен таанылган. Жубайы Зухра эже актёрдун чыгармачылык жана инсандык тагдырындагы “жарк” этип эсте калган учурларын эскерип өттү.

 — Агай “Акмөөр” телефильмине кантип тартылганын айтып калчу беле?

— “Акмөөргө” чейин Камбаралы Бобуловдун “Түштүк кызы” деген повести боюнча фильмге тартылган. Тургун окуган мектепке киного ылайыктуу бала издеп режиссёрдун ассистенти барып калат. Тургун 7-8-класста окшойт, бир кызды кубалап келип суу чачып жиберсе, алдыңкы кабатта турган ассистенттин мойнуна куюлат. Ассистент ачууланып ким болду экен деп экинчи кабатка чыгып, Тургунду көрүп жактырып, киного чакырат. Барып сынактан өтүп “Түштүк кызына” тартылат. Бой-келбети, өңү-түсү бирде терс каармандын, бирде күлкүлүү образды чагылдырып турган мындай сейрек, көзгө дароо түшкөн бала киночуларга аябай жагат. Бир жылдан кийин, он алты жашында Мелис Убукеевдин “Акмөөр” телефильмине түшүп, жылдызы жанат. Ал мезгилдеги кинолор СССРдин курамындагы он беш республикага тарап, дүңгүрөп турган. Кийин экөөбүз үйлөнгөндө көчөдө басып баратсак эл атын айтпай эле “ата, катын алам” келе жатат деп өтөр эле жаныбыздан.

— Актёрдук билимди кийин алган турбайбы анда?..

— Кино тасмаларга тартылып жүрүп мектептеги окуусуна бара албай калат. Мелис Убукеев, Мар Байжиев Маданият министрлиги менен сүйлөшүп, аттестатты сырттан алып берип, Алма-Атадагы Курмангазы атындагы театралдык институтка жолдомо беришет. Студент болгонго чейин эле аты таанылып калганданбы “боордош элдин окуу жайында эркелеп жүрүп окуумду бүттүм” деп калчу.

— Белгилүү актёр менен кандайча тагдырлаш болуп калдыныз?

— Мен окуумду бүтуп музейде иштеп жүрдүм. Ал мезгилде жаштарды айыл чарба иштерине жиберчү эмес беле. Театрдын актёрлору дагы бараткан экен, Тургун мени көрүп түптүз басып келип, таанышты. Ошол мезгилде капкара болуп күнгө күйүп, “Уркуя” кино фильминдеги басмачы Текенин ролуна тартылып келген убагы экен. Мен “иий, кебетеси суук турбайбы” деп таң калдым. Кийин айыл чарба иштеринен бошоп келсек кыздар: “сени бир артист келип сурап жатат” деп калды. Чыксам баягы жигит турат. “Жүр, мени менен туулган күнгө барып келчи. Балдардын баары сүйлөшкөн кыздары менен барат экен. Мен дагы сүйлөшкөн кызым менен барам деп убада берип койдум эле” деди. Тургун мени күтүп көгөрүп кечке отура берди. “Мен курактуу кыздарды “кара далы” деп жатышса ким ала качат эле” деп ойлодум, ал кезде 23-24 жаштагы кезим. Чыга калсам эле достору алды-артымдан тороп келип, машинага салышты. Байтик деген айылга алып барышты. Мени качып чыкпасын дешти окшойт, абышка кемпирлерди эшиктин оозуна кыдырата отургузуп, мага жоолук салып, көшөгө тартып коюшту. Айылымдагылар “Төлөгөндүн кызы кара далы болуп куурап калды, ширеңке чаксаң “дүрт” деп күйүп кетет” деп жатышыптыр… Эми буйрук окшойт, өзү Чүйлүк, бизге жакын экен, отура берейин” деп ичимден ойлонуп бир чечимге келдим. Апам дагы “жакын жерге кете көр” деп кулагыма куйчу эле. Болочоктогу күйөөм ыпылдап-шыпылдап айланчыктап жакшы мамиле кылып жүрдү. Булар актёрдукту беш жыл окуп, адамга жакшы мамиле жасаганды үйрөнөт экен. Негизи, жигиттер кыздын алдында тартынчаак, сыпаа болот эмеспи, бул өтүмдүү, өткүр жигит экен деп таң калдым.

— Чыңгыз Айтматовдун “Чыңгыз хандын ак булуту” чыгармасынын негизинде коюлган спектаклде дербиштин ролун ойноп кыргыз көрүүчүлөрүн гана эмес, түрктөрдү да ыйлаткан деп укканым бар.

— Ал ролдо болгону бир-эки эле сөзү бар экенине карабай, дербиштин образын баш каарман Чыңгыз ханга барабар кылып укмуш жаратып койду. Түркияга барганда түрк көрөрмандар спектакль бүткөндөн кийин колунан өөп, ыракмат айтып ыйлады дешти. Роль тийбей жашаган жылдарындагы бугун чыгарып, жеңилдеп, ыраазы болуп кетти окшойт дүйнөдөн кайтарында. Кийин театрдагылар: “Тургун байкенин “дербишин” андан кийин канча актёр ойноду, бирок ал жасап кеткен бийиктикке эч ким жете элек” дешти. Спектаклди түркмөн режиссёру Какажан Ашыров чакыруу менен келип койгон эле.

— Чыңгыз Айтматов өзү бул спектаклди көрө алдыбы?

— Чыңгыз Айтматов интернеттен жарыяны көрүп, премьерасы өткөндөн кийин келди. Залкар жазуучуга арнап дагы экинчи күн коюлду. Спектаклдин акырында Чыңгыз агага сөз берилди. Сүйлөп жатканда кєзүнөн жаш агып турду деп жакын отургандар кийин айтып жүрдү. Спектакль ушунчалык күчтүү чыгарын күткөн эмес окшойт деп ойлойм. Соңунда актёрлор театрдын жанындагы кафеге чай даярдап коюшкан экен, Чыңгыз ага, Казат Акматов, артисттер чай ичкени киришти. “Кинодон аралашып эле жүрдүң да, улуу адам менен бирге даам сызып, баарлашып отурбайсыңбы” десем Тургун макул болгон жок. Инсульттан кийин көп сүйлөбөй калган убагы эле.

 — Сиз дагы тегин аялзаты эмессиз. Көп окуп, көптү билген интеллектуалдык деңгээли бийик акынсыз. Сиздин чыгармачылыгыңызга агай кандай мамиле кылчу эле?

— Өмүрүнүн соңку жылдарында катуу ооруп турган кезинде менин ырларымды окуп алаксыды. Тойлорго барганда элди аралап монолог кылып окуп жүрдү. Ырды окурдун алдында, куду спектаклде ойногону чыгып жаткандай толкунданып, калчылдап калчу. Тойдогу эл деле публика да. Өзүнүн үнү күркүрөп турчу эмес беле, күрулдөп-шарылдап отуз мүнөттөй окучу. Өлүм, өмүр жөнүндө депрессия убагында жазылган ырлар да. Эл тунжурап муюп угар эле. Окуп бүтүп “автору Зухра Жамангулова” деп мени ордуман тургузуп, элге тааныштырчу.

— Демек, сизди чыгармачыл инсан катары баалачу турбайбы…

— Жаңы үйлөнгөндө ижарага көчүп калдык, мен кутуларга китептеримди толтура салып жатсам: “Ай, сен өзүң өлө албай жүрүп мынча китепти эмне кыласың?” деди. “Кызык сүйлөйсүң да, менин азыгым китептер, буларсыз жашай албайм” десем «Ой, кокуй, бул чыгармалар жөнүндө сүйлөшө турган киши болбогондон кийин, мунун баарын окуп эмне убара болосуң?» деп айтканы бар эле. Элге мен жөнүндө жакшы сөз гана айтып жүруп өттү.

 — Агай сизди ала качып кеткен турбайбы, бат эле тил табышып кеттиңиздерби?

— Сүйүшүп, сырдашып кыз-жигиттик доорду башыбыздан өткөрбөгөн үчүн ал мени көп кызганды. Менин кандай экенимди билбесе ар кандай ой келет да. Бир күнү музейдеги кесиптешим айтып калды: “Эже, сиздин күйөөңүз иштейби? Чоң бактын жанында музейди кечке карап тура берет, биз чыга калсак бакка жашына калат” деди. Эшикке чыксак чын эле карап турган экен, бизди кєрүп далдаланып калды. Кийин билсем мени жигиттер менен жолугат болду бекен деп шектенип жүргөн экен.

Афина БАКИРОВА
№60 “Эркин-Тоо” гезити
2023-жылдын 28-июлу