2025-жылдын январь-июнь айларында туризм тармагынан мамлекеттик казынага 160,6 млн сом салык түшкөн. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, акыркы беш жылда туризм секторунан түшкөн салыктык кирешелер алты эседен ашык өскөн. 2020-2025-жылдар аралыгында бул тармактан жалпы 1,1 млрд. сом жыйналды.
Жылдар боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй:
- 2020-жылы — 49,3 млн сом
- 2021-жылы — 123,6 млн сом
- 2022-жылы — 200 млн сом
- 2023-жылы — 277,1 млн сом
- 2024-жылы — 336 млн сом
Мекеме өкүлдөрүнүн айтымында, бул өсүш туристтик кызмат көрсөтүүлөрдүн артуусу, туристтик сезонду активдүү өткөрүү жана көмүскө экономиканы ачык аймакка чыгаруу аракеттеринин натыйжасы.

