Кыргызстандын туристтик дараметин жогорулатуу жана туризмди жайылтуу максатында «Get lost to Bishkek, Kyrgyzstan» аталышындагы масштабдуу маалыматтык кампания өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.
Маалыматка ылайык, 22-сентябрда, аталган кампаниянын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынан 150 адамдан турган делегация Бишкекке келди.
Маалыматтык кампания БАЭде социалдык тармактарда кеңири чагылдырылып, Кыргызстанда саякаттоо боюнча билдирүүлөр, видеолор, кийимдер конкурстары, аба ырайы жана тамак-аш боюнча темадагы посттор жарыяланат.
Иш-чаранын негизги концепциясы БАЭ жана Перс булуңунун аймагында Кыргызстанды туристтик өлкө катары блогерлер жана саякатчылар аркылуу маалымдоо болуп саналат.