"Эркин-Тоо"

 Турсунбай Бакир уулу: “Атыр Абдрахматова мыйзамга баш ийип, кызматтан кетиши керек”

Жогорку Кеңештин «Ата журт-Кыргызстан» фракциясы Акыйкатчы Атыр Абдрахматованы мөөнөтүнөн мурда бошотуу сунушун 19-апрелдеги жыйынында билдирген. Анда парламент Акыйткатчынын  бир жылдык докладын жактырмак турсун акырына чейин  угушкан эмес. Бул окуядан кийин, дегеле ага чейин эле Акыйкатчынын кызмат орду жана аткарган иштери коомчулукта кызуу талкууланып жаткан. Ал ортодо  Human Rights Watch уюму Акыйкатчыны кызматтан кетирбөөгө чакырган атайын билдирүү таратты. Биз Атыр Абдрахматованы кызматтан кетишине негиз барбы жана эл аралык уюмдун кайрылуусу канчалык деңгээлде мыйзамдуу деген суроо менен экс-акыйкатчы Турсунбай Бакир уулуна кайрылдык.

 — Турсунбай Бакирович, сиз Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын ишине кандай баа бересиз?

 — Мен бул институтту жетектеп турганда бюджетибиз 4 миллион сом болчу. Азыр 100 миллион сомго жеткен бюджет менен эч бир иш жасай албаган Акыйкатчынын ишине кандай баа берүүгө болот? Өзүнүн коллективи нааразычылыгын айтып кайрылып жатышат. Эгер ал өз кызматкерлеринин укугун коргой албаса, укугун бузса, анда карапайым калктын укугу тууралуу сөз кылып кереги жок. Акыйкатчы бир жыл иштейби, бир ай иштейби, айырмасы жок. Башынан эле ал ээрге туура эмес отурган. Анткени эч качан бейөкмөт уюмдардан келген кадр Акыйкатчы боло албайт. Мен муну дайыма айтып жүргөм. Бул мамлекеттик мекеме. Эл аралык уюмдар менен иштеген укук коргоочулар грант менен иштеп көнүп калышкан. Алардын кожоюндары болот.

 -Эл аралык Human Rights Watch уюмунун кайрылуусу боюнча эмне айта аласыз?

— Бул мыйзамсыз. Эл аралык уюмдун кайрылуу жасап, Абдрахматованы кызматта калтырууга эч кандай укугу жок. Мен “Акыйкатчы жөнүндөгү” мыйзамдын авторлорунун бири катары учурда мыйзам бузулуп жаткандыгын белгилегим келет. Акыйкатчы институту эл аралык уюм эмес. Өлкө Президенти, Министрлер Кабинетине да баш ийбейт. Парламентке гана баш ийген мекеме болгон соң, мыйзам боюнча эл өкүлдөрү  анын ишине терс баа берсе тынч эле кызматын тапшырышы керек болчу. Мурда бул уюм өтө  сыйлуу, кадырлуу эле. Азыр мекемени  ар кандай интригаларга аралаштырып, өзүнүн так  милдетин аткара албаган кадыры кеткен институтка айлантышты.

 Жазгүл Кенжетаева

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!