"Эркин-Тоо"
№79 2021-ЖЫЛДЫН 13-ИЮЛУ

Турсунбек АКУН: “АДАМ УКУГУН КОРГОЙМ ДЕП ЖҮРҮП 17 ЖОЛУ КАМАЛЫП, ДАЛАЙ ИРЕТ САБАЛДЫМ”

*Эгемендүүлүгүбүзгө — 30 жыл

    Эгемендүүлүк жылдарында адам укугун коргоо маселесине өзгөчө көңүл бурулуп, бул багытта ар түрдүү коомдук жана өкмөттүк эмес уюмдар, укук коргоочулар көп иш жүргүзүштү. Алардын ичинде аң-сезимдүү бүт өмүрүн ушул адам укугу үчүн күрөшкө арнап келген Турсунбек Акунду кимдер гана билбейт. Андыктан, эгемендүүлүк жылдарындагы өлкөбүздөгү укук коргоо кыймылынын түптөлүшү, калыптанышы, кыйынчылыктары жана жетишкендиктери тууралуу ой бөлүшүп берүүсүн өтүнүп Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгресстин координатору, Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акунга кайрылдык.

 —  Өлкөбүз эгемендүүлүк алган жылдардан бери адам укугун коргоо жаатында үзгүлтүксүз иш жүргүзүп келе жатасыз. Бул оор милдетти аркалоону тандап алууңузга эмнелер себеп болду?

—   Мен бала чагымдан эле акыйкат, чындык деп чыркырап турган мүнөзүм болгон экен. Аны классташтар, мугалимдер жана мени билген адамдар ушул убакка чейин айтып жүрүшөт. Атам Акун өмүр бою совхоздун малын багып өмүрүн өткөрдү. Ал киши баккан өгүздөрдү күзүндө эт комбинатына төккөнү айдап барчу эле. Жолдон адамдар атамды алдап, кошумча акчасын берип, кичирээк торпокторун кошуп, чоң өгүздөргө алмашып кетчү эле. Мен болсо ошондо эле ортого түшүп, атама каршылык көрсөтүп, өгүздөрдү алмаштырбай алып калган учурларым көп болгон. Ошентип менден атам да сестенип турчу эле.

    Айылда ветврач болуп иштеп жүргөндө башкармалардын жеген-ичкенин бетке айтып, алар менен кармашып, актыларга кол койбой, алардын чекесине чыккан чыйкан болгон да учурларым болгон. Ошентип, чындык издеп, баарын таштап ошол кездеги Фрунзеге баса бергем. Аңгыча болбой Горбачёвдун кайра куруу доору башталып, мен асмандан күткөн чындыгым жерден табылды. Бүт күчүм менен кайра куруу жараянын колдоп жаттым. 1985-жылы ЖОЖдордун ректорлорун альтернативдүү жол менен шайлоо өнөктүгүнө активдүү катышып, ошол кездеги Айыл чарба институтунда болгон шайлоодо бюрократ талапкерди өткөрбөй, элге жакын талапкерди ректор кылып шайлатып, мугалимдердин оозун ачырган учурлар болгон.

   1990-жылы Кыргызстандагы алгачкы демократиялык уюм болуп эсептелген “Кыргызстан Демократиялык Кыймылын” (КДК) негиздөөгө катышып, пикиримди эркин билдирип, ошол кездеги Компартиянын жетекчилигин ачык сындап, Компартиянын куугунтугунан жабыр тарткан адамдардын укугун коргоого кириштим.

   Ошентип, 1990-жылы декабрь айында КДКнын алдында адам укугу боюнча комитет түзүп, анын төрагасы болуп шайланып, ондогон адамдардын укугун коргоп, акырындап атым чыга баштады.

   Ал эми 1991-жылы Кыргызстан укук коргоо кыймылын түзүп, 1992-жылы ал уюмду алгачкы жолу Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүүгө жетиштик. Адамдардын укугун коргойм деп көптөгөн пикет, митингдерди өткөрүп, 17 жолу укук коргоо органдары тарабынан камалып, далай ирээт сабалып, укук коргоо органдары тарабынан уурдалып, көрбөгөн азаптарды көрдүк.

   Менин акыйкат, чындык деп чыркырап жүргөнүмө жана күрөшүмө адам укугун коргоо  уюмун түзүшүм чоң жардам көрсөттү. Ушул адам укугун коргоо иши аркылуу мен ичимдеги көздөгөн максаттарымды иш жүзүнө ашыра алдым деп эсептейм. Адамдардын укугун жана эркиндигин коргоп күрөшүү менин турмуштук позициям жана айныгыс принциптеримдин эң негизгиси болуп калды.

—   2005 жана 2010-жылдардагы элдик революцияларда да өмүрүңүздү тобокелдикке салып, үй-бүлөлөк башкарууга каршы чыккандардын алдыңкы сабында болуп, башыңыздан көп кыйынчылыктарды өткөрдүңүз. Ошол жылдардагы иш-аракеттериңизден майнап чыктыбы, алдыга койгон максаттардын  аткарылышына жетише  алдыңызбы?

 —  Эми ал жылдар менин өмүрүмдөгү өтө оор да, өтө сыймыктануучу да жылдар болуп саналат. Мен ушул өмүрүмдө “бир элдик революция кылсам бактылуумун” деп 2005- жылдагы март революциясын ишке ашыруу үчүн жан аябай аракеттерди көрдүк. Ал революция акыры ишке ашты.

   Бирок, ал кезде эл койгон талаптар аткарылбай, элдин үмүтү өчтү. 2005-жылы Акаевдин үй-бүлөлүк бийлиги үстөмдүк кылып, элдик революция болсо, 2010-жылы Бакиевдин үй-бүлөлүк кланы үстөмдүк кылып дагы элдик революция болду. Эки революцияда тең мен элдин арасында болдум. Эки революцияда тең мен денемден катуу жаракат алдым. 15 күндөп ооруканага жатып, дарыланып чыктым.

   Мына ушундай күрөштүн натыйжасында үй-бүлөлүк жана кландык башкарууну кандайдыр-бир деңгээлде ооздуктоого жетише алдык. Акаев менен Бакиевге салыштырмалуу Атамбаев түзгөн кландык башкаруу да оңой эмес кыйынчылыктарды туудурду. Ал өзүнчө эле Кокон хандыгын түзүүгө аракет кылды. Бирок, эл анын бийлигин дагы кулатууга жетишти. Ошондуктан “ушунча жыл күрөшкөн жылдарыбыз бекерге кетти” деп эсептебейм. Өлкөгө чыныгы элдик бийлик орнотууга жетиштик. Бизде диктатурага жана тоталитаризмге жол жок экендигин кыргыз эли өзүнүн көп жылдык аракети менен тарых алдында далилдей алды.

—   Эгемендүүлүктүн 30 жылы аралыгында өлкөбүздө адам укугун коргоо кыймылы кандай жолдорду басып өттү? Тоталитардык Совет мезгили менен эркин ой-жүгүртүүнү, эркин жашап-иштөөнү тартуулаган эгемендүү мамлекеттин адам укугун камсыздоо жаатындагы саясаттарында кандай айырмачылыктар болгондугун чечмелеп айтып бере аласызбы?

—   Биз кылымдар бою күткөн эгемендүүлүктүн жылдарында укук коргоочулар жана адам укугу боюнча уюмдар оор жана татаал жолдорду басып өттү. Акаевдин режими легендарлуу парламентти күч менен таркатып, сессиянын кворумун кылбай, түрдүү провокацияларды уюштуруп, көз көрүнөө карасанатайлыкты жасашты. Укук коргоочулар пикет жана митинг кылып, мындай аракеттерге көп күндук каршылык акциясын уюштурдук.

   Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин авторитардык режими ондогон саясатчыларды, коомдук ишмерлерди жана журналисттерди камап, аларга саясий куугунтук уюштурушту. Алар Феликс Кулов, Топчубек Тургуналиев, Замира Сыдыкова, Жумагазы Садыр уулу, Александр Альянчиков, Мария Слащова, Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Текебаев, Садыр Жапаров, Талант Мамытов, Камчыбек Ташиев, Бектур Асанов, Бекболот Талгарбеков, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана башкалар. Укук коргоочулар алардын укугун коргоп, пикет жана митингдерди, жөө жүрүштөрдү уюштуруп, көп күндүк саясий ачкачылыктарды кармап, колунан келген бардык аракеттерин көрүштү.

Айласы кеткен бийлик укук коргоочулардын үстүнөн кууугунтук уюштуруп, коомчулуктун алдында каралап, атайын ар-намысына жана аброюна шек келтирген макалаларды жаздырып, түрдүү провокацияларды даярдап, маалыматы жок карапайым элди укук коргоочуларга каршы коюп, түрдүү каршылыктарды уюштурушту. Айылдарга барган укук коргоочуларды эл бийликтин айдактоосу боюнча айылдардан кууганга, жолдорун тосуп жаманатты кылганга чейин барышты.

   Укук коргоочулар эки элдик революциядан жабыр тарткан адамдардын укугун коргоп, катуу кыйынчылыктарды башынан өткөрдү. 1990 жана 2010-жылдардагы улуттар аралык жаңжалдан жабыр тарткан адамдардын да укугун коргоп, күнү-түнү түрмөлөрдө болгон учурлары болушту. Түн ортосуна чейин уланган соттордун ишине катышып, карапайым адамдардын укугун коргоого аракеттендик. Жүздөгөн адамдардын укугун коргоп, тагдырын сындырбай, үй-бүлөсүнө кайтарып берген учурларыбыз болду.

Укук коргоочулар Президенттик жана парламенттик шайлоо учурунда шайлоого мониторинг кылышып, шайлоодогу адам укугу тебеленген, мыйзам бузулган, бурмаланган фактыларды ачыкка чыгарып, адамдардын шайлоого болгон укуктарын коргоп калган учурлары жетиштүү эле болду.

   Кыскасы, Кыргызстандык укук коргоочулар демократиялык процесстердин, элдик толкундоолордун, эл топтолгон миңдеген жыйындардын башында болуп, элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бардык нерсени сүйлөшүү жолу менен чечүүнү өз колдоруна алып келишти. Бул биздин эң чоң жетишкендигибиз болуп саналат.

—   Аксы окуясынын адилет изилдениши, адам укугу үчүн күрөшүп жүрүп, бир жолу дайыныңыз жок болуп кеткениңиз  да көп ызы-чуу жаратканы эсибизде. Ошол учурда бийлик да артыңыздан сая түшүп, атүгүл бир тууган агаңызды ортого салып, адам укугун коргогон ишиңизден баш тартууга чакырык жасаттырганга чейин барды эле. Ушундай кыйынчылыктарга карабастан ал вазийпаңызды бир мүнөткө да токтотпой бүгүнкү күнгө чейин аркалап-аткарып келе жатканыңыздын сырын бүгүн бир ачып койбойсузбу?

—   Президент Аскар Акаев алтымышка чыгып калганда укук коргоочулар “Акаев кетсин” деп кол чогулта баштадык. Эки саатта 5 миң кол чогултулду. Акаевдин бийлгинин жүрөгү түшүп, мени жок кылууну ойлоно баштады. Ошентип, мени ГКНБ тарабынан уурдатып, 15 күн караңгы подвалда кармап, акыры эл аралык коомчулуктун жана элдин талабы менен кайра кайтарууга мажбур болушкан. Бирок мени ууландырып, буттарым баспай калып, бир жума үйдө жатууга мажбур болгом. Бир тууган агамды ортого салып, Аксыдан уурдап келүүгө да батынышкан. Мен качып баратып аскадан учуп, аз эле жерден өмүр менен коштошуп кала жаздагам.

   Бирок мен ушундай кыйынчылыктарга карабастан максатымдан кайтуу боюнча билдирүү кылган эмесмин. Анткени адам укугун коргоо, чындык үчүн күрөшүү, жөнөкөй адамдарга жардам көрсөтүү менин жашоомдун негизи болуп саналат. Ансыз мен жашоомду элестете албайм.

— Ушундай иш-аракеттериңиздин акыбети менен убагында  Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы да болуп эмгектендиңиз. Ал жылдарда элдин эсинде калаар кандай иштерди жасай жана кимдерге жардам бере алдыңыз

—   2008-жылдан 2013-жылга чейин Акыйкатчы болуп, бул кызматка эки жолу шайландым. Акыйкатчы кызматын эң абройлуу институтка, укугу тебеленген адамдар келе турган жайга айландырдык. Жылына 13 миңден ашык адам кайрылып, алардын көпчүлүгүнүн укугун коргоого жетиштик. Акыйкатчы институту бийликтин алдында көз каранды эмес кызматка айланды. Укук коргоо органдарынын мыйзамсыз иштерин ашкерелеп турдук. Парламентте бардык докладдарыбыз токтоосуз кабыл алынып жатты.

   Адам укугу боюнча эл аралык үч конференция өткөрүп, өлкөгө отуздан ашуун мамлекеттин  Омбудсмендерин алып келип, биздин ишибиз менен тааныштырдык. Дүйнөлүк коомчулук Кыргыз Омбудсменинин ишине жогору баа берип, статус “В” деген атты алууга жетиштик. Бийликтин үч бутагы Акыйкатчынын пикири менен эсептешип, адам укугун бузбаганга аракеттенишип, адам укугун коргоо ишинин сапаты жогорулап, адам укугун тебелөө болуп көрбөгөндөй азайды.

   Эл аралык уюмдардын корутундусу боюнча “Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Борбордук Азия мамлекеттериндеги эң күчтүү жана көз каранды эмес Омбудсмен” деген атка да жетиштик.

   Акыры көз каранды эмес позициябызды көрө албай Атамбаевдин бийлиги куугунтук кылып, Батукаевге шылтоолоп, мени кызматтан кетирүүгө жетишти.

—   Чечен Республикасына барып келгениңиз да убагында көп суроолорду жаратты эле. Ал жакка барып-келүүңүздүн зарылдыгы бар беле?

—   Кыргызстандык 50 мигрант Грозный шаарына барып иштеп, айлыктарын ала албай калышыптыр. Ошолордун айлыгын чечүүгө жардам берип, тиешелүү бийлик структурасы менен сүйлошүп, аларды Бишкекке алып келүүгө жетиштик. Мындан сырткары Чечен Республикасы эле эмес, Ингушетияга жана Кабардино-Балкарияга  да барып, алардын Омбудсмендери менен жолугуп, Кыргыз Акыйкатчысынын ишмердүулүгүн тааныштырып, тажрыйба алмашып келгем. Ал эми көрө албагандар мени Батукаев менен байланыштырып, Чеченстанга барганымды  чайкоочулук кылып жүрүшкөнү өкүнтөт.

—   Азыркы күндө бүткүл элдик добуш берүүдө колдоого алынган жаңы Конституция менен жашап жатабыз.  Өзүңүз да Конституциялык кеңешменин мүчөсү болдуңуз. Ага ылайык көп мыйзамдар, кодекстер кайрадан каралып, оңдоп-түзөтүүлөр киргизилип жатат. Ушул жаңы өзгөртүүлөрдүн адам укуктарынын корголушуна жана сакталышына тийгизе турган оң, терс таасирлерин терең талдап көрдүңүзбү?

—   Жаңы Конституция жакшы жазылды. Бийликти бир адамга бергенге аракет кылдык. Болбосо 15 жыл бою алты партия башкарып, айыл өкмөтүнө чейин бөлүп алып, өлкөдө тартип болбой, ар бир алты айда бир Премьер алмашып, баш аламандык өкүм сүрүп келген. Азыр андай эмес. Адам укугу боюнча глава да жакшы жазылып, мурдагы 43 беренеге дагы 6 берене кошулуп, адам укугу боюнча эл аралык стандарттар сакталды.

   Ал эми Конституциянын кемчилиги болуп  Прокуратурага чоң укуктарды берип койгонубуз бир аз ойлонтот. “Зулушевден башка бир адам келип, адам укугун тепселей берсе эмне кылабыз” деген ой жадымдан кетпейт. Мыйзамдагы, кодекстеги өзгөртүүлөр кээ бир өксүктүгүнө карабай туура эле жүргүзүлүп жатат.

—   Азыркы күндө кандай багытта иш жүргүзүп жатасыз?

—   Азыр Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча Конгрессти жетектеп жатам. Биз Кыргызстан эле эмес, Борбордук Азия мамлекеттериндеги адам укуктары боюнча укук бузууларга байкоо жүргүзүп, ошолор боюнча иштейбиз. Жакында Америкага барып, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) кеңсесинде болуп, Тажиктердин бизге жасаган агрессиясын БУУнун комитетине бергени сүйлөшүп келдим. Ушул боюнча БУУга документтерди даярдап жатам. Мындан тышкары, мага мурдагыдай эле адамдар кайрылып, алардын укугун да колумдун келишинче коргоп жатам.

   Түшкөн арыздарды бийлик органдарына берип, алардын аткарылуусун көзөмөлдөп, адамдардын укугун бийлик органдары аркылуу коргогонго аракеттенип жатам. Бул өтө натыйжалуу жол. Бир дагы укук коргоочу мындай ишти аркалаган жок.

—   Мурда дайыма митинг, жүрүш, ачарчылык жарыялоо, ж.б. акциялардын бардыгы тең  Сиз жок өтчү эмес эле. Азыр болсо эч жерден өзүңүз да  көрүнбөй, үнүңүз да угулбай, унутулуп бара жаткандай  таасир калтырууда. Активдүү укук коргоочу катары Сизге эмне болду?

—   Мен мурдагыдай пикет, митинг кылып жүргөн деңгээлден эбак эле өткөм. Менден көп акция өткөргөн укук коргоочу болбосо керек! Азыр укук коргоочу катары башка деңгээлде иштеп жатам. Көрүнбөй же билинбей кеткеним жок. Беш ай бою Конституциянын долбоорунун үстүндө  иштеп, күнүгө телевизорго чыгып, адам укугу главасын сапаттуу даярдап,  көп эмгек кылдык.

   Азыркы адам укугунун абалы тууралуу мезгил-мезгили менен чыгып өз позициямды айтып жатам. Бийлик адам укугун коргоо багытындагы иштерди кантип  алып барып жатканын туруктуу көзөмөлдөп жатам. Бул өтө оор иш. Мындай иш ар бир эле укук коргоочунун колунан келе бербейт. Ал эми Акыйкатчынын жана жаш укук коргоочулардын ишине кийлигишкен жокмун. Ар ким өзүнүн ишин жасашы керек.

   Мен укук коргоонун башкача, жогорку жана цивилизациялуу жолуна түшкөнүмө бир топ жылдын жүзү болуп калды. Пикет, митинг, популисттик кайрылуу жолдору өзүн актабай калган. Азыр заман катуу өзгөргөн. Замандын тамырынын кагышын билип турушубуз зарыл.

                                                                                                           Таалайбек ТЕМИРОВ.