ТОКТОГУЛ РАЙОНУНДА АКЫНДАРДЫН АЙТЫШЫ
— Кыргыз Республикасынын маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Токтогул райондук маданият үйүнүн алдында Коргол Досуевдин 140 жылдык мааракесине арналган атайын иш-чара өттү. Ак таңдай акындын мааракеси менен бирге манасчы, семетейчи, төкмө акын Жаңыбай Кожек уулунун 150 жылдык мааракеси чогуу белгиленди. Токтогул районунун маданият үйүнүн артисттеринин аткаруусунда аталган мааракеге арналган чакан концерт коюлду. Коргол атабыздын “Ак Бакай” аттуу ырынын негизинде журналист, жазуучу Качкынбай Керимбаев драма жазган. Аталган драмадан үзүндүлөр коюлду. Элдин алкоосуна татыган иш-чара өткөрдүк деп ойлойм. Быйыл Корголдун урпактары чогулуп, атабыздын 140 жылдыгына болгон аракетибизди жумшап, “Айтыш” коомдук фонду менен биргелешип, төкмөлөрдүн айтышын 11-ноябрда Токтогул районунда өткөрдүк.
“МУЗЕЙ БЕКМАМАТ ОСМОНОВДУН СУНУШУ МЕНЕН АЧЫЛГАН”
— Коргол Досуевдин музейи 1993-жылы 29-октябрда ачылган. Музей коомдук жана мамлекеттик ишмер, элдин чыгаан уулу Бекмамат Осмонов демилгелеп курулган. Бекмамат агабыз резина өтүк кийип келип, “ушул жерге кургула, жолдун бою экен, өткөн-кеткендер кайрылганга ыңгайлуу болот” деп музейдин ордун өзү көрсөткөн эле. Ошол кезде ар бир акындын, Жоомарт Бөкөнбаевдин, Токтогул Сатылгановдун туулган айылына музейлери курулуп калган болчу. Коргол атабыздын музейинин айланасы 2,5 гектар. Токтогулдун абдан кооз жеринде Таласты карай белди ашып кеткен илгерки жол бар. Музей ошол чоң жолдун боюнда курулган. Айылдан үч чакырым четте турат. Буюрса, музей жөнүндө такталар орнотулуп калса, туристтер кызыгып келе турган жер. Азыр деле Россиядан, Франциядан келген туристтер кайрылып кетишет.
“КОРГОЛ АТАМДЫН КОЛУНДА ЧОҢОЙДУМ”
— Мен Досуевдин небересимин. Коргол атабыздын биринчи байбичесинен үч перзенти болгон. Эң улуусу Ондош Корголов менин атам. Азыркы күндө үчөөнүн тең көзү өтүп кетти. Корголду көргөн, уккан, жанында бирге жашаган акыркы муун менмин жана менден кийин бир сиңдим бар. Мен үчүнчү класска чейин Коргол атамын, кийинки чоң энем Бүайшанын колунда чоңойдум. Коргол атам көз алдымда күнү бүгүнкүдөй турат. Кичинекейиңде көргөн-билген нерсең өмүр бою эсиңде калат экен.
“ШАКИРТИ АЛТЫМЫШ МУНДУЗБАЕВДЕН КИЙИН ИЗИЛДӨӨЧҮЛӨР ЧЫГА ЭЛЕК”
— 1962-жылы чоң атам дүйнөдөн өткөндөн кийин, чоң энебиз 1982-жылга чейин биз менен жашады. Мен үй-бүлө күтүп, турмушту түшүнүп калган кезде, чоң энемен Коргол атам жөнүндө абдан көп окуяларды угуп, жадымда сактап калгам. Азыр аларды колуман келишинче жазып жүрөм. Ырчы, аткаруучу Канымжан Жаманбаева Коргол жөнүндө диссертация жактайм деп жүргөн. Андан бери изилдеген эч ким жок. Өзүмдү изилдөөчү деп эсептебейм, бирок, колуман келишинче эмнени уксам, тапсам чогултуп жатам. Төрт-беш жыл мурун чоң атамдын эки сүрөтүн таптым. Өзү жалгыз жана орус улутундагы адам менен түшүптүр. Москвалык музыка изилдөөчү Виктор Сергеевич Виноградов, композитор Александр Затаевичтер менен байланышта болгон. 1960-жылдары шакирти, комузчу Алтымыш Мундузбаев “китебиңизди чыгарталы” деп үйгө келип, жаз маалына чейин атамдын оозунан ырларын жазды. Жазга маал эки чемодан ыр көтөрүп кеткен. Укканыма караганда Алтымыш аба гастролго кетип, эки айдан кийин кайтып келсе жубайы “сен ушинтип гастролдоп жүрө бер, мен сенин ырларыңды өрттөп койдум” дейт. Күйүп кеткен шакирти “эми устатыма эмне деп жооп берем?” деп катуу кайгырып, үйүнөн чыгып кетет. 1963-жылы эсинде калган ырларын топтоп, жупкадай китеп чыгарат.
ТОКТОГУЛ АКЫНДЫ КОРГОЛДОЙ ЭЧ КИМ БИЛГЕН ЭМЕС
Токтогул атабыздын дээрлик мурастарын Коргол акын айтып берген. Топчубайдын өлгөнүн угузганда Коргол атабыз 20- 21 жашта болгон, ошол күндөн өмүрүнүн акырына чейин кошуна айылда жашап, чогуу жүрүп, жанаша бастырып, бирге ырдаган. Токтогулдун чыгармачылыгын Корголдой эч ким билиши, эч ким калыбына келтирип бериши мүмкүн эмес болчу. Ошол эмгеги бааланып, Коргол атабыздын 75 жылдык тоюнда СССР Жогорку Советинин грамотасы менен сыйланган. Тилекке каршы ал документтер сакталып калган эмес. Атабыздын паспорту, байбичеси менен нике күбөлүгү да жок экен. Бир гана 1954-жылы Абды Сүйөркулов Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин төрагасы болуп турганда, Жазуучулар Союзунан Касымалы Жантөшөв билдирүү жазып өтүнөт: “ушу киши айылда жүрүп элге кызмат кылып жатат. Персоналдык пенсия чектеп берели” дейт. Абды Сүйөркуловдун жардамы менен 120 сом пенсия чектеп берген. Ошол пенсиялык күбөлүгүнүн гана көчүрмөсү калган. Бүгүнкү күндө элдин, чыгармачыл чөйрөнүн оозунда калган, айылдаштарынан, замандаштарынан чогулган материалдар менен гана музей түптөлүп, иштеп жатат.