"Эркин-Тоо"

Турусбек НОГОЕВ: “Адал эмгек, таза жашоо — бийиктикке жол ачат”

Ош облусундагы Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Турусбек Ногоев

Кара-Суу району Кыргызстан боюнча эң ири райондордун бири. Райондо 16 айыл өкмөтү жана 1 шаар, алардын карамагына кирген 137 айыл-кыштак бар. Район боюнча 2022-жылдын 10 айында 28 өнөр жай ишканасы, ал эми калкка кызмат көрсөтүү боюнча 41 жаңы ишкана ачылып, жергиликтүү тургундарды жумуш менен камсыз кыла баштады. Мамлекетибиздеги эң чоң райондо ишке ашып жаткан ийгиликтер зор аракет менен изденүүлөрдүн аркасында жаралып жаткандыгы, айтпаса дагы белгилүү. Райондун жетекчиси Ногоев Турусбек Молдобекович эл жүгүн аркалап, учурда көптөгөн көйгөйлүү маселелерди чечүү менен алек. Кара-Суу району социалдык-экономикалык жактан өнүгүүгө, көптөгөн ийгиликтерди жаратууга мүмкүнчүлүгү кенен аймак. Ак эмгеги менен бакубат жашоого умтулушкан райондун жашоочулары ар жылы мол түшүмгө, кирешелерге ээ болушуп, заман агымы менен жаңыча жашоого умтулушууда. Ата Журтун, Мекенин, элин эбегейсиз сүйүп-барктаган Кара-Суулуктардын бак-таалайы, эмгектен тапчу утуштары чексиз экендигинде шек жок. Жаш болсо дагы өмүр таржымалында жетекчилик кызматтарда камчы салдырбай эмгектенип, тажрыйбаны мол топтогон райондун акими Турусбек Молдобекович биздин кабарчыбыз менен болгон маегинде төмөндөгүлөрдү айтып берди.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ – ӨНҮГҮҮНҮН НЕГИЗИ

— Аталган райондо аймак элинин бакубаттуу жашоосун камсыздай турган күрдөөлдүү эмгек жылдын төрт мезгилинде тынымсыз зуулдап турат. Азыктүлүк коопсуздугун камсыздоо багытында айыл-чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн жогорулатууга жана айыл чарба өндүрүшүнө алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн көп күчтөр жумшалууда.

Кара-Суу районунун аймагында 22506 дыйкан-фермердик чарба, 31 айыл чарба кооперативи, 8 үрөнчүлүк чарба, 1 мамлекеттик асыл-тукум кой заводу, 10 жеке (жылкы, мал, кой) асыл тукум статусун алган фермердик чарбалары иштеп жатат.

Натыйжада райондо айыл чарбасынын дүң продукциясы 17 млрд 89 млн сомду түзүп, өсүү темпи жогорулады. Бул жылда дыйкандар адаттагыдай эле күзгү кылкандуу дан эгиндерин, жаздык арпа-буудайды, жүгөрүнү, картошканы, жашылчажемиштерди, пахтаны, өсүмдүк майын, күрүчтү, тоют өсүмдүктөрүн үлүш жана арендага алынган жерлерине себишип, учурда берекелүү күздүн ыроологон ырыскыларына ээ болушту.

Министрлер Кабинети тарабынан 2022-жылдын жазгы талаачылык жумуштары үчүн Россиядан 175 тонна жаздык арпанын, 127 тонна жаздык буудайдын, 15,6 тонна софлердун, 5 тонна буурчак үрөндөрү алынып келинип, дыйкан-фермерлерге “Айыл банк” аркылуу 4,5% үстөгү менен насыяга 2 жылдык мөөнөткө таркатылып берилген. Райондо 8 үрөнчүлүк чарба иш алып барат.

Быйылкы жылы дыйкандардын эгинин жыйноо үчүн 41 даана дан оруучу комбайн жана 12 комбайн жардам иретинде башка райондордон тартылды. Биздин райондо айыл чарба тармагы экономикалык өнүгүүнүн негизги көрсөткүчүн түзгөндүктөн, ушул тармакка артыкчылык берип, ири киреше алып келебиз.

Жоош айыл аймагындагы «Ак-Текс» жаңы ачылган ишканасы

ТАЗА СУУ – ДЕН СООЛУК ӨБӨЛГӨСҮ

— Кара-Суу районунун аймагында 136 калктуу конуш болсо, анын 20сына жетпеген айылга такыр суу жетпейт. Ушул жылы 5 айылга таза суу тартылып пайдаланууга берилди. Андан сырткары таза суу жетпеген калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу боюнча долбоорлор даярдалууда. Бул жылы 5 конушту ичүүчү суу менен камсыз кылууда республикалык, эл аралык уюмдар жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен долбоорлор каралып, учурда аракеттер көрүлүүдө. Кара-Суу шаарынын калкын таза суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоо, чыгаруу системаларын жакшыртууда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын колдоосу менен 2016-жылдан бери жумуштар уланып, жакында эле долбоор аягына чыкты.

Кара-Суу районунда саркынды сууларды тазалоочу обьектини куруу боюнча 2021-жылы тендер өткөрүлүп, Чехия мамлекетинин “Ханза” компаниясы жеңип алган. Ушул жылы сентябрь айында Кара-Суу шаарынын мэриясы менен аталган компаниянын ортосунда келишим түзүлгөн. Савай айыл өкмөтүнө караштуу Курбан-Кара айылына “Аль-Рашид” фондусу 55 кожолукка жер астынан таза суу чыгарып беришип, эл алкышына ээ болушту. Андан тышкары, ОтузАдыр айыл өкмөтүнө караштуу Фархад, Чоок, Тынчтык айылдарына “Ас-Сафа” фондусу аркылуу 6 чакырым аралыктан таза суу жеткирилди. Жарыяланган тендердин негизинде Жаңы-Арык айыл өкмөтүндөгү Таш-Арык айылына жана Правда айылындагы Достук конушуна таза суу жеткирүү үчүн иш-аракеттер жүрүп жатат. Нариман айыл өкмөтүндөгү Күрөңкол айылына, Савай айыл өкмөтүндөгү Октябрь айылына жергиликтүү бюджеттен каражат бөлүнүп таза суу чыгарылды. Калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу райондук администрациянын күн тартибинде турган маселелердин бири болуп эсептелет.

ЖОЛ ОҢОЛСО – ИШ ОҢОЛОТ

— Райондун аймагында жолдордун жалпы узундугу 680,1 чакырымды түзөт. Анын ичинен мамлекеттик маанидеги жолдор 240,6 чакырым, жергиликтүү маанидеги жолдор 315,1 чакырымды түзүп, эл аралык жолдордун узундугу 124,4 чакырымды камтыйт. Район боюнча жалпысынан 4 жол тейлөө ишканасы жолдордун абалына көз салып, тейлейт. Жыл ичинде жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында мамлекеттик бюджеттин эсебинен кыш мезгилиндеги тайгалак жолдордун коркунучун азайтуу иштери, табигый кырсыктарды жоюу, асфальт жолдорду оңдоп-түзөө, чуңкурчаларды бүтөө иштери аткарылып жатат.

Үстүбүздөгү жылы жалпы район боюнча 41,5 чакырым жолго асфальт төшөө жумуштары аткарылды. Алар негизинен республикалык, жергиликтүү бюджеттин жана демөөрчүлөрдүн эсебинен аткарылды.

№45-жол тейлөө мекемеси тарабынан Кара-Суу, ОтузАдыр, Кең-Сай унаа жолунун 1 чакырым аралыгына асфальт төшөлдү. Район аймагындагы 50,5 чакырым унаа жолун тейлеген №956-жол тейлөө мекемеси Ош – Кара-Суу – Өзгөн жолунун 22-40 чакырым аралыгындагы 806,5 м2 аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин аткарышты.

Ал эми №21 жол тейлөө мекемеси Кара-Суу районундагы 306,8 чакырым унаа жолун тейлейт. Анын ичинен 74 чакырымы эл аралык, 155,6 чакырымы мамлекеттик, калган 77,2 чакырымы жергиликтүү жолдорго кирет. Ушул жол тейлөө мекемелери мамлекеттик бюджеттин эсебинен табигый кырсыктарды жоюу, жол белгилерин орнотуу, асфальт жолдорду оңдоо ж.б. көптөгөн иштерди жасашты. Учурда Ош-Озгур унаа жолунун 11-12,5 чакырымындагы 1,53 чакырым жолго асфальт төшөө иштери аягына чыгып калды.

Жалпы район боюнча 5,13 чакырым аралыктагы жолдор асфальтталды. Жаз мезгилинен тарта район карамагындагы жолдорду оңдоп-түзөө иштери улантылмакчы.

Жаңы-Арык айыл аймагындагы жаўы ачылган
«Ак-Буура» кум шагыл чыгаруучу ишканасы

8 МЕКТЕПТИН КУРУЛУШ ИШИ ЖҮРҮП ЖАТАТ

— Республикалык бюджеттен жалпы 8 мектепти, 2 бала бакчаны, 3 спорт залды куруу үчүн акча каражаты бөлүнүп, учурда курулуш иштери жүрүүдө.

Жергиликтүү бюджеттен жыл башында акча каражаты бөлүнүп, 2 бала бакча, 3 ФАПтын курулушу башталган. 2022-жылдын 10 айына 2 ФАП, 2 бала бакча колдонууга берилди, 1 ФАПта курулуш иштери уланууда.

Жеке ишкерлер тарабынан 1 бала бакча, 2 мектепке кошумча окуу корпусу курулуп колдонууга берилди. 2 жабык спорт зал, 1 кичи футбол аянтчасы, 1 жеке менчик оорукана, 1 ФАП курулууда.

Чет элдик инвесторлор тарабынан 3 ФАП, 1 мектеп жана 1 социалдык шаарча колдонууга берилди, 1 ФАП, 1 тигүүчү цехтин курулушу жүрүүдө.

ТУРИЗМДИ ӨНҮКТҮРҮҮ – КЕЛЕЧЕККЕ ЖОЛ АЧАТ

— Райондо туризмди өнүктүрүү багытында көптөгөн иштер жасалууда. Бул тармакты өнүктүрүү боюнча райондун шаар жана айыл аймактарынын социалдык-маданий, экономикалык жана экологиялык көйгөйлөрүн чечүүгө, ошону менен бирге маданий баалуулуктарды, улуттун өзгөчөлүгүн сактоону, туризмди өнүктүрүүнүн негизги булагы болуп саналган жаратылыш ресурстарын оптималдуу пайдаланууну камсыздоо, калкты туруктуу иш менен камсыз кылуу, аны менен жергиликтүү калктын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү, туризм чөйрөсүндө бизнести өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча иш-аракеттер жүрүүдө.

Ошону менен бирге транспорттук жол жана инфратүзүмдөрдү калыбына келтирүү жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, санитардык-эпидемиологиялык абалды жакшыртуу, районду көрктөндүрүү, маданий мурастарды сактоо максатында ишаракеттер белгиленип, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылууда.

Туристтик тармакты активдүү илгерилетүү жана өнүктүрүү максатында, Чыйырчык ашуусунда “Чыйырчык” жана КаттаТалдык айыл аймагынын Талдык участкасында “Талдык” тоо лыжа базалары кышкы сезонго туристтерди кабыл алууга даяр турууда.

Кашкар-Кыштак айыл аймагындагы кондитердик
шириндиктерди чыгаруучу жаңы ачылган өнөр жай ишканасы

ИНВЕСТИЦИЯЛАР – ИЙГИЛИК АЧКЫЧЫ

— Райондун экономикасына туруктуу инвестицияларды тартуу жана жаңы жумуш орундарын түзүү максатында көптөгөн аракеттер жүрүүдө. 2022-жылдын 10 айына Кара-Суу районуна тартылган ички жана тышкы инвестициянын көлөмү 2 млрд 843 млн 565 миң сомду түздү. Анын ичинен 1 млрд 64 млн 528 миң сомдук тышкы жана 1 млрд 779 млн 37 миң сомдук ички инвестиция тартылды.

Жалпы сметалык баасы 2 млрд 843 млн 565 миң сомду түзгөн долбоордун курулушу 100 пайыз бүтүп колдонууга берилди, айрымдары колдонууга берүү алдында турат.

Негизинен өнөр жай продукциясынын өсүүсү райондун айылдык аймактарында жайгашкан бардык чарба жүргүзүүчү субьекттердин эсебинен камсыз болду. Райондо тоо-кен казуу өнөр жайында, продукциясын кайра иштетүү тармагында өндүрүүнүн көлөмү дагы өсүп жатат. Район аймагындагы айылдарда ишканалар ачылып, жаңы жумушчу орундары түзүлдү.

БИЛИМ БЕРҮҮ – МААНИЛҮҮ МАСЕЛЕ

— Кара-Суу районунда 2022-2023-окуу жылында жалпы билим берүүчү 147 орто мектептерде балдар билим алууда. Жалпы мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин саны-138. Мамлекеттик-1, муниципалдык-104, 33 жеке менчик бала бакчаларда 14058 балага 526 мугалим-тарбиячы билим берет.

Быйылкы окуу жылында 12 жаңы бала бакча ачылып, ал бакчаларда 1260 бала тарбияланып жатат. Бала бакча менен камсыздоо 30%га жогорулап, 175 мугалим-тарбиячы иш менен камсыз болду.

Балдар чыгармачылык борборундагы 144 тайпада 49 түрдүү ийримдер иштеп, 1035 окуучу билим алышат. “Алтын түйүн” улуттук балдардын инженердиктехникалык Академиясында (филиал) 194 окуучу билим алууда.

“Электрондук китепкана” долбоору менен 74 мектепке билим берүү министрлиги тарабынан берилүүчү компьютерлерди, проекторлорду кабыл алуу үчүн атайын класстык окуу каналар даярдалды.

Жалпы Республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 2 бүтүрүүчү “Алтын сертификатка”, 4 бүтүрүүчү “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушуп, 2 бүтүрүүчү республикалык олимпиададан 2-орунду алууга жетишти. Учурда 110 мектепте, 85 бала бакчада көмөкчү чарба уюштурулган.

Жалпы 82 мектептин башталгыч класстарынын окуучулары үчүн ысык тамак, 65 мектепте бир маал тендердик шартта шашке чай берилет.

2022-2023-окуу жылында 16 мектепке “Мерсико” Эл аралык уюму тарабынан, 1 мектепке Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын каржылоосу менен ысык тамак уюштурулган.

РУХАНИЙ АЗЫК – ЖАН ДҮЙНӨ БАЙЛЫГЫ

— Кара-Суу районунда маданият бөлүмү заман талабына жараша көптөгөн иштерди жүргүзүп жатат. Маданият бөлүмүнө караштуу 1 райондук, 22 айылдык маданият үйү, 1 борборлоштурулган жана 18 айылдык китепканалар, 1 аймактык тарыхый музей, Болуш Мадазимов атындагы балдар музыкалык мектеби аймак элинин руханий байлыктарын арттырып, маданий иш-чараларды жүргүзүшүүдө.

Президенттин “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” жарлыгынын жана “2022-жыл Эл аралык Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгынын алкагында маданият бөлүмүнө караштуу бардык маданий мекемелерде ар түрдүү темалардагы ишчаралар өткөрүлдү.

“Улуттук нарк жөнүндө” Президенттин жарлыгын аткарууда айыл аймактарында “Ак элечек энелер” топтору менен биргеликте жаштар, мектеп окуучулары менен жолугушуу кечелери, тегерек столдор, концерттик программалар уюштурулду. Маданияттын күзгүсү болгон маданият үйлөрү учурда тегиз иштеп, райондун калкы ыраазы. Оңдоптүзөөгө муктаж айрым маданият үйлөрүндө ар жылы капиталдык ремонт иштери жүргүзүлүп, ирээтке келтирүү салтка айланган.

КАЛК ДЕН СООЛУГУ – КӨҢҮЛ ЧОРДОНУНДА

— Кара-Суу районунун жалпы дарыгердик практикалык борборунда (ЖДПБ) 2058 медкызматкер эмгектенет. Кара-Суу ЖДПБда 28 үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору, 80 ФАП калкка кызмат көрсөтөт Папан жалпы дарыгердик практикалык борборунда жалпы 95 медициналык кызматкер эмгектенет. Эмкананын түзүмүнө 1 ҮДТ, 6 ФАП кирет. Тез жардам медициналык кызматында 2 бригада кызмат аткарат. Дарыдармектер, медициналык жабдуулар жетиштүү.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Раиса ДҮЙШӨНБЕКОВА