Кыргызстандык балбан Тынар Шаршенбеков Монголиянын Улан-Батор шаарында өтүп жаткан грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатынын финалына чыкты. Ал буга чейин индиялык балбан Ниражды 10:4 эсебинде жеңип, жарым финалга чыккан.
Жарым финалда Исломжон Бахрамов менен беттешип, аны 13:7 эсебинде утуп алды.
Тынар Шаршенбеков финалда казакстандык балбан Мейрамбек Айнагулов менен күрөшөрү белгилүү болду.