Максимо Напа Кастро 2024-жылдын 7-декабрында Перунун түштүк жээгиндеги Маркона шаарынан океанга балык уулоого чыккан. Ал өзүнүн мерчеминде 2 жумадан соң үйүнө кайтып келмек. Бирок балык уулаганына 10 күн болгондо катуу борон-чапкындын кесепетинен кайыгы жолдон чыгып кеткен. Перулук балыкчы жанына алган азыктары түгөнгөндө Тынч океанда 95 күн бою канаттууларды, деңиз таш бакаларын, курт-кумурскаларды жеп күн кечирген.
Алгач Перунун деңиз күзөтчүлөрү издөө жүргүзүп, балыкчыгыны таба алышкан эмес. Кийин Эквадор балык уулоочу кайгуул кемеси аны өлкөнүн жээгинен 1094 километр алыстыкта катуу суусаган жана оор абалда тапкан.
Белгилей кетсек балыкчы Максимо Напа Кастро 61 жашта.
Маалымат www.abc.net.au сайтынан алынды.