— Тынчтык Урайимович, жакында Президентибиз “Кыргыз Республикасынын Президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамга кол коюп, ал күчүнө кирди. Бул мыйзамда олуттуу жаңылыктар бар экен. Жаңы шайлоо системасы мурдагыдан айырмаланып, жаңы нукта өтөт деген пикирлер айтылууда. Сурайын дегеним, алдыда өтө турган шайлоонун системасы мурдагы шайлоолордон эмнеси менен айырмаланат? Анан ушул өзгөрүүлөргө шайлоо комиссиясынын кадрдык даярдыгы, техникалык мүмкүнчүлүктөрү жетиштүүбү?
– Туура белгилеп өттүңүз. Президентибиз кол койгон жаңы Конституциялык мыйзамдын негизинде мындан аркы шайлоолор жаңы форматта өтөт. Мурунку шайлоолордо 54 депутат партиялык тизме менен, ал эми 36 депутат бир мандаттуу округдардан шайланып келсе, азыркы мыйзамга ылайык, 30 көп мандаттуу округ түзүлөт. Ар бир округдан добушту эң көп топтогон үч талапкер депутаттык мандатка ээ болот. Учурда техникалык жана уюштуруу иштери план боюнча жүрүүдө, Кудай буйруса алдыдагы шайлоолорду өткөрүүгө даяр болобуз. Кадрдык потенциал жагынан да чоң ишеним бар. Кыргызстан боюнча 27 миңге жакын шайлоо комиссиясынын мүчөсү бар. Практика көрсөткөндөй, биздин шайлоо комиссиялары ар дайым милдетине жоопкерчилик менен мамиле кылып, жумуштарын так аткарып келишкен.
— Өзүңүз белгилегендей, өлкө 30 округга бөлүнөт экен. Ал эми республика боюнча 40 район бар. Мурунку шайлоолордо айрым райондордон депутаттар шайланбай калган учурлар болгон, кээ бир жерлерде болсо бир нече депутат шайланган. Азыркы учурда округдар кандай принцип менен түзүлөт? Бул эл арасында түшүнбөстүктөрдү жаратпайбы?
– Жаңы мыйзамдын негизинде шайлоо округдары калктын санына жана географиялык жактан чектештигине жараша түзүлөт. Мурун Партиялык тизме аркылуу парламентке келген депутаттар арасында аймактык тең салмактуулук камсыз болбой калчу. Өзүңүз айтып өткөндөй, кээ бир райондордон 10дон ашык депутат өтүп келсе, айрым аймактардан бир да өкүл болбой калган учурлар болгон. Азыр болсо 4 млн 247 миң шайлоочуну 30 округга бөлүп, ар бир округга орто эсеп менен 141,5 миң шайлоочу туура келет. Албетте, эл жыш жайгашкан райондор өз алдынча округ болсо, калкы аз аймактар бириктирилет. Мисалы, Чоң-Алай менен Алай райондоруна шайлоочулардын саны жетпегендиктен, ага Кара-Суу районунун кээ бир айыл өкмөттөрү кошулушу мүмкүн. Бирок, мыйзамда 20% чегинүү мүмкүнчүлүгү каралган. Негизги принцип – элдин саны, бирок айыл өкмөттөрдү башка райондор менен бириктирүүгө мыйзам тыюу салат. Өзгөчө тоолуу, жетүү кыйын болгон аймактарда округдардын түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бурулат. Ошондуктан, кичи райондордон да депутат шайланууга реалдуу мүмкүнчүлүк түзүлөт.
— Жаңы мыйзамда талапкерлерге коюлган талаптарда кандай өзгөрүүлөр бар?
– Мурда талапкерлерден 100 миң сом күрөө талап кылынчу жана ал белгилүү шарттарда кайтарылып берилчү. Эми бул сумма 300 миң сом салым катары мамлекеттик казынага түшөт.
Конституциялык мыйзамга ылайык шайлоону өткөрүү күнүнө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, депутаттыка талапкерлигин көрсөтүүнүн алдында акыркы 5 жылдан кем эмес өлкөнүн аймагында туруктуу жашаган, соттуулугу жок Кыргыз Республикасынын жараны Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлана алат. Мындан тышкары, талапкерлерге кошумча чектөөлөр да киргизилген. Маселен, дин кызматкерлери кызматын токтоткондон кийин 5 жылдын ичинде дин менен байланыштуу ишмердикти жүргүзбөшү керек. Ошондой эле кылмыштуу топторго катышы бар адамдар талапкер катары шайлоого катыша албайт. Бул чаралар депутаттыкка таза, коомдук ишмердүүлүгү таза адамдардын келишин камсыз кылуу максатында киргизилди.
– Шайлоонун дагы бир олуттуу маселеси – бул шайлоочулардын катышуусу. Бул жагынан кандай жаңы механизмдер каралган?
– Бул жаатта биз олуттуу өзгөрүүлөрдү киргизип жатабыз. Мурун жарандар каттоосу бар жеринде гана добуш бере алчу. Эми жаңы программалык камсыздоо аркылуу ар бир Кыргызстандык жаранга каалаган аймактагы шайлоо участкалардан добуш берүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Чет өлкөдө жүргөн жарандар да элчиликке же консулдукка алдын ала арыз берип отурбай, шайлоо күнү түз эле кайсы шайлоо участкасына барса, ошол жакта добуш берүү мүмкүнчүлүгү боло турган шарттарды түзүүнүн үстүндө иштеп жатабыз. Мисалы, сиз шайлоо күнү Америка же Москвада болосузбу, каалаган шайлоо участкасына келип добуш бере аласыз.
Мындан тышкары, “Манас” жана “Ош” эл аралык аэропортторунда, ошондой эле ири авто жана соода базарларда (“Дордой”, “Аламүдүн”, “Орто-Сай”, “Ош”) шайлоо участокторун ачуу пландалууда. Мунун максаты – шайлоочулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана катышууну жогорулатууга багытталган.
— Гендердик теңчилик маселеси кандай чечилди? Мурун партиялык тизме боюнча аялдардын катышуусу үчүн атайын талаптар бар болчу.
– Жаңы мыйзам аялдарга бир топ артыкчылыктарды берет. Талапкерлер арасында аялдардын катышуусун камсыз кылуу боюнча конституциялык нормалар бекитилди. Бул – башка көптөгөн өлкөлөрдө жок өзгөчө мүмкүнчүлүк деп эсептейм. Кыргызстанда аял шайлоочулардын саны да бир аз жогору. Демек, алар саясий процесске активдүү тартылышы керек. Бул мыйзам аялдардын коомдук-саясий турмушка кеңири аралашуусуна өбөлгө түзөт.
— Угушубузча, бюллетендерди алдын ала баспай, шайлоо күнү басып чыгаруучу аппарат колдонулат экен…
– Ооба, принтери бар идентификациялоочу түзүлүш (ПИТ) аркылуу бюллетендер автоматтык түрдө, шайлоочу шайлоого келген учурда басылып чыгарылат. Мурун миллиондогон бюллетендерди басып чыгарып, андан кийин жараксыз деп жок кылуу чоң чыгымга алып келчү. Ар бир участокко бюллетендер атайын күзөтчүлөрдүн, МАИ кызматынын коштоосунда жеткирилчү. Жаңы система аркылуу коопсуздук, ыкчамдык жана үнөмдүүлүк камсыз болот. Бул аппарат бир нече кызматты бир учурда аткарат. Ошондой эле АЭУлар (автоматтык эсептөөчү урналар) жаңыртылып жатат. Азырынча 5800 АЭУга техникалык тейлөө жүргүзүлдү. Калган жабдууларды да жаңыртуу иштерин улантып жатабыз.
— Партиялардын ролу жаңы системада кандай болот?
– Партиялар дагы өз талапкерлерин 30 округ боюнча сунуштай алышат. Бирок, мурдагы партиялык тизме системасында коррупциялык көрүнүштөр көп болгонун жашырбашыбыз керек. Кээде акчасы бар адам тизменин башына коюлуп, элге чыкпастан эле депутат болуп калган учурлар болгон. Бул элдин ишенимин жоготкон көрүнүштөрдүн бири. Жаңы система болсо элдин түз добушу менен шайланган өкүлдөрдү камсыз кылат. Себеби, депутаттардын негизги функциясы бул – өкүлчүлүк. Ошон үчүн Кыргызстандын райондорунан, региондорунан өкүлчүлүк болушу керек. Жаңычылдык бул аракеттер өкүлчүлүктүн калыстыгын жана аймактык тең салмактуулукту камсыз кылууга багытталган чоң кадам.
— Тынчтык Урайимович, сөз соңунда шайлоочуларга эмне деп кайрылар элеңиз…
— Шайлоо – бул жөн гана бюллетень толтуруу эмес. Бул – ар бир жарандын өзүнүн келечегине түздөн-түз таасир эте турган чечими. Кээ бир мамлекеттерде шайлоого катышпаган жарандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Мисалы, Түркия сыяктуу өлкөлөрдө добуш бербеген жаранга айып пул салынат. Бизде андай милдеттүү талаптар жок. Бирок, жарандык парзыбыз бар, ал шайлоого катышуу. Себеби, шайлоо беш жылда бир келет, бул өлкө тагдыры чечилчү учур.
Сиздин бир добушуңуз өлкөнүн өнүгүшүнө, мыйзам чыгаруу процессине, жарандардын укуктарын коргоого, социалдык турмуштун сапатына чоң таасир берет. Ошондуктан, ар бир шайлоочуну шайлоолордо активдүү болууга чакырып кетет элем. Себеби, мамлекетибиз бир, келечегибиз бир, максатыбыз жалгыз – ал мамлекетибиздин туруктуу өнүгүүсү, мыйзамдуулук жана жарандар үчүн адилеттүү коом түзүү.
Маекти алып барган Шекербек Калыков

