2022-жылдан тарта Кыргызстанда «Тынчтык жөнүндө» мыйзам демилгеленип, документтин долбоору даярдалган. Бирок, Жогорку Кеңештин депутаттары мыйзамды 2024-жылы гана кабыл алып, ишке кирген. Документте иш күндөрү саат 22:00дөн 7:00гө чейин, ал эми дем алыш жана майрам күндөрү саат 22:00дөн 9:00гө чейин ызы-чуу чыгарууга тыюу салуу каралган. Мындан тышкары, көп кабаттуу үйлөрдө саат 13:00дөн 14:00гө чейин ызы-чуу чыгарууга болбойт деген эреже кирген. Эреже бузуулар үчүн айып пулдар каралып, биринчи жолу укук бузуу үчүн жеке адамдарга 2000 сом жана кайталап укук бузуу үчүн 10 000 сом, ал эми юридикалык жактарга тиешелүүлүгүнө жараша 10 000 сом жана 28 000 сом айып пул салынары эскертилген. Тынчтыкты бузган аракеттерге үнү бийик чыккан музыка, ырдоо, ышкырык жана унаанын сигналдарын, пиротехниканы колдонуу сыяктуу аракеттер кирген. Бирок, бул мыйзам кабыл алынгандан ушул күндөргө чейин такыр аткарылган эмес. Мыйзамды демилгелеген Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешовдун ири шаарларды түнкүсүн бир эрежеге баш ийдирүү максаты өз деңгээлине жетпей жүргөн.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да мыйзамдын аткарылбай жатканына нааразы экендигин 13-ноябрда элге кайрылып жатып билдирди. Ал саат 22:00дөн таңкы 7:00гө чейин кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайлары ишин токтотушу керектигин айтып чыкты. УКМК төрагасы мыйзамдын иштебей жаткандыгына жергиликтүү бийлик күнөөлүү экендигин белгилеп, президенттин облустардагы өкүлдөрүнө, мэрлерге, район акимдерине кайрылып, талапты аткарбагандардын жарыгын өчүрүп салууга чакырды.
Албетте жымжырттык мыйзамынын аткарылышын көзөмөлдөө мурда эле күчүнө кириши керек эле. Анткени, акыркы убактарда айрыкча ири шаарларда түнкүсүн тынчтык, жөнөкөй эле жашоо эрежелерине баш ийбеген тартипсиздер көбөйүп кеткен. Камчыбек Ташиевдин түнкү жашоону тизгиндөө аракети эң эле туура болду.
Ал ортодо өлкөдө электр жарыгын үнөмдөө эрежелери да кирип, тармакты жөнгө салып туруу үчүн да мыйзам колдонула баштады.
Мыйзамды аткаруу күчүнө кирери менен 13-ноябрдын кечинде Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери кафе-ресторандар менен оюн-зоок жайларын текшерип, түнкү саат 22:00дөн кийин электр энергиясын өчүрүү талабы коюлду.
Эки шаардын мэриялары бул ишти кыш мезгилинде электр жарыгын үнөмдөө жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамдын талаптарын аткаруу менен да байланыштырышты. Оштун мэри Жеңишбек Токторбаев саат 22:00дө ишин токтотпогон жайлардын жарыгын бир айга өчүрүү тапшырмасын да берип жиберди.
Ал эми Бишкек шаарынын мэриясы борбордун тургундарынын тынчтыгын камсыз кылуу жана “Тынчтык жөнүндө” мыйзамды аткаруу деген негиз менен тамактануучу жайларды, түнкү клубдарды саат 22:00дө жабуу тууралуу буйрук чыгарды.
Самат Муратбеков, тамада:
– 13-ноябрь күнү Таласта той алып бардым. Ошол күнү рейд катуу жүрүп, кафе-ресторандардын баары саат 22.00дөн кийин жабылып, жарыктары өчүрүлдү. Той аябай тездетилип, кээ бир конокторго сөз берилбей, шашылыш жыйынтыктоого туура келди. Саат 21.40та тойду аяктап, ресторандан баарыбыз чыгып кеттик. Албетте, мындан кийин тойлорду эртерээк баштоо керек. Анан коноктор да кечикпей келишсе дароо баштаганга шарт түзүлмөк.
Мындан тышкары кечки саат 18.00дөн кийин окуу жайларда да жарык өчүрүлүүсү керектиги айтылган. Агартуу министрлиги окуу процесси аяктагандан кийин 60 мүнөттөн кечиктирбестен, тазалоо иштери бүткөн соң жарыкты өчүрүү керектигин билдирген. Бирок, окуу жайларга, мектептерге байланышкан маселе боюнча Камчыбек Ташиев өз оюн билдирип, орто мектептерде сабак бүтөөрү менен класстарда электр жарыгын өчүрүүгө каршылыгын айтты. Ал окуучулар үйлөрүнө тарап кеткенге чейин жарыкты өчүрбөй турууга чакырды.
Канайым Мырзабекова, үй кожейкеси:
– Той-топурлардын саат 22.00дө аяктап, “Тынчтык жөнүндө” мыйзам ишке киргени аябай туура болду. Бирок, мектептерде да жарык өчүрүлөт дегенге мен каршымын. Менин эки кызым түштөн кийин окуйт. Алардын ар кандай жагдайларда мектепте кала бергенине күбө болуп жатам. Мектеп администрациясы балдардын баары мектептен чыгып кеткенине кепилдик алып туруп жарыкты өчүрбөсө, түрдүү кырдаал, окуялар болушу мүмкүн. Андыктан, бул маселенин үстүндө дагы бир ойлонуп көрүшсө дейт элем.
Жымжырттык боюнча мыйзамдын аткарылышы көзөмөлгө алына баштагандан көп өтпөй Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери мыйзамды аша чаап колдонуп жаткандыгына Президент Садыр Жапаров өзү нааразычылыгын билдирди.
«Аша чапканды токтоткула!» деп Президент мэрлерге катуу эскертүү берди. Анын айтымында, көзөмөл түнкү клубдарда, спирт ичимдиктер колдонулуп ызы-чуу чыккан жайларда жана түнгө чейин иштеген чоң тойканаларда гана болушу керек болчу.
“Биз түнкү клубдарды жана 200-800 адам чогулган тойканаларды иретке келтиргиле дегенибиз менен, силер кафелерди, KFC өңдүү тез татым жайларын да жаап, тынч отурган элди кубалап, ишкерлерге орой мамиле кылып, жарыгын-суусун өчүрүп салгансыңар. Мындай аша чапканды токтоткула!”, — деди өлкө башчысы.
Ал электр энергиясын үнөмдөөнү эң оболу мамлекеттик мекемелерден баштоо керектигин белгиледи. “Кечкисин жарыкты күйгүзүп таштап кетчү кайдыгер жетекчилерди карагыла. Тынч иштеп жаткан кичи жайларга тийбегиле”, — деди Президент
Өлкө башчысы мыйзам чегинде гана иш алып барууну талап кылып, ишкерлердин мыйзамдуу ишине тоскоолдук кылбоону эскертти.
Эске салсак, 6-ноябрда электр энергиясын сарамжал пайдалануу чарасы мамлекеттик мекемелерге да киргизилген. Ага ылайык, мамлекеттик мекемелер саат 18:00дөн 06:00 аралыгында жарыкты жана электр шаймандарын иштетүүнү чектей турган болгон. Бирок, азырынча бул чаралар толук колдонула элек. Эми Министлер Кабинети ар бир айдын 1-15ине чейин мониторинг жүргүзүп турат. Мониторингдин жыйынтыгынан кайсы мекеме-ишканалар саат 18.00дөн кийин жарыгы өчүп, иштебей калганы так айтылат.
Мамлекет башчысынын эки ири шаардын мэрлеринин укуктарын аша чаап пайдалангандыгы боюнча пикири чыгаары менен. “Тынчтык жөнүндө” мыйзам экономикалык жактан эч кимге зыян келтирбей аткарыла турган болду.
Канышай Ырысбекова коомдук активист:
– Швеция, Швейцария, Улуу Британия сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө тынчтык мыйзамы кечки 20:00–23:00дө башталат. Шаарлар ден соолукка ылайык ритмде жашайт. Адамдар эрте туруп, үй-бүлөсү менен убакыт өткөрөт, эс алат, китеп окуйт, спорт менен машыгат-жана өз убагында укташат. Бизде клубдарга, кальяндарга жана маанисиз түнкү көңүл ачууларга кетип жаткан акча, өнүккөн өлкөлөрдө башка жакка жумшалат. Натыйжасы байкалып турат. Эгер коом бул мыйзамды сактаса тынч, ден соолугу чың, акылдуу болуп өсөт. Түнкү активдүүлүк азайганда, күндүз адамда сапаттуулук өсөт. Адамдарда энергия көбөйөт, тынчсыздануу азаят, агрессия төмөндөйт.
Ошентип, ар-кандай оңдоп-түзөтүүлөрдөн кийин түнкү жашоону эрежеге салган эң керектүү мыйзамдардын бири ишке кирди жана көзөмөлгө алынды. Документ, ишкерлердин укуктарын коргоо менен аткарыла турган болуп, коомчулукка бул майдай жакты!
Жазгүл Кенжетаева

