"Эркин-Тоо"

Тышкы иштер министри Германияга иш сапары менен барат

2023-жылдын 24-25-августунда КР Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаевдин Германия Федеративдүү Республикасына иш сапары менен барат. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министр Ж.М.Кулубаев менен Германиянын Федералдык тышкы иштер министри Анналена Бербок эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Сапардын максаты — кыргыз-герман саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда кызматташууну кеңейтүүнү талкуулоо.

Ошондой эле, Министр Ж.М.Кулубаев Германиянын Федералдык Президентинин Аппаратынын жана Федералдык Канцлердин Аппаратынын жетекчилиги, Бундестагдын депутаты жана Германиянын айлана-чөйрөнү, жаратылышты коргоо, ядролук коопсуздук жана керектөөчүлөрдүн укугун коргоо федералдык министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрөт.