"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

Тышкы иштер министри Венгрияга иш сапары менен барат

2025-жылдын 17-октябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Венгрияга иш сапары менен барат.

Иш сапардын негизги максаты — Кыргыз-Венгрия Стратегиялык кеңешинин Бешинчи жыйынын өткөрүү. Анда эки өлкөнүн министрлери соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык кызматташууну талкуулап, эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.

Жыйындын соңунда эки тараптуу документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Иш сапар Венгриянын тышкы экономика жана тышкы иштер министри Петер Сийяртонун чакыруусу менен уюштурулууда.