2023-жылдын 24-июлунда Будапешт шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаевдин Венгрияга расмий сапарынын алкагында OTП банктын Вице-президенти Андраш Бечей менен жолугушуусу болуп өттү.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Венгриянын ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти, анын багыттарынын бири банк тармагындагы кызматташуу болуп саналат.
Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Кыргыз Республикасындагы банк системасынын абалы, анын артыкчылыктары жана өнүгүү потенциалы тууралуу кыскача маалымат берди. Тышкы саясий ведомствонун башчысы Венгриядагы эң ири банкка Кыргыз Республикасынын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгүн карап көрүүнү сунуштады. Мындан тышкары, министр Ж.М.Кулубаев корреспонденттик банктык мамилелерди түзүү жана колдоо маселелерине токтолуп, бул багытта өз ара аракеттенүүнүн зарылчылыгын белгиледи.
Өз кезегинде, OTП банктын Вице-президенти А.Бечей банктын Венгриядагы жана анын филиалдары жайгашкан башка өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди. Венгриялык банктын жетекчилиги кызматташууну орнотууга, мүмкүнчүлүктөрдү изилдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев ОТП банктын өкүлдөрүн Кыргыз Республикасы менен Венгриянын банк секторунда кызматташуусунун мүмкүн болгон багыттарын кеңири талкуулоо үчүн Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.