"Эркин-Тоо"

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Италияга иш сапары менен барат

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев үстүбүздөгү жылдын 28-30-майында Италияга иш сапары менен барат.

Ведомстводон билдиришкендей, Жээнбек Кулубаевдин сапары Италиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер министри Антонио Таянинин чакыруусу боюнча уюштурулган.

Сапардын жүрүшүндө Жээнбек Кулубаев «Борбордук Азия — Италия» министрлеринин жолугушуусуна катышат, ошондой эле Италия расмий өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрөт.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!