7-сентябрда КР Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Индонезия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Сунарио Картадината менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн кызматташтыгынын актуалдуу маселелерди талкууланып, келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү максатында саламаттыкты сактоо, маданият, айыл чарба, айлана-чөйрөнү коргоо жана спорт тармактарындагы долбоорлордун макулдашуу процессин тездетүү зарылдыгын белгилешти.
Индонезиянын элчиси Сунарио Картадината Кыргызстан менен Индонезиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30-жылдыгын майрамдоонун алкагында 11-сентябрда мамлекеттик органдарынын жана бизнес өкүлдөрүнүн катышуусунда Кыргыз-Индонезия бизнес форуму өтөөрүн маалымдады.
Тараптар эки тараптуу мамилелерди бекемдөө жана өз ара кызыкчылык жараткан чөйрөлөрдө натыйжаларга жетишүү үчүн мындан ары да күч-аракеттерди жумшоого даяр экендиктерин билдиришти.