"Эркин-Тоо"

ТЫШКЫ КАРЫЗ КООПТУУБУ?

Президент Садыр Жапаров өзүнүн facebookтагы баракчасына өлкөнүн ташкы карызын төлөө боюнча өзүнүн пикирин билдирди. Мамлекетибиз өз алдынча эгемендүүлүккө ээ болгон жылдардан бери жалпы алган насыябыз 5 миллиард АКШ долларынан ашык сумманы түзөт экен. Өлкө башчысы баса белгилегендей, карызды үстөгү менен өтө көп суммада кайтаруунун туу чокусу азыркы бийликтин шыбагасына туш келгени дагы чындык. Тагыраагы 2024-жылы 370 млн АКШ долларынын тегерегинде карыз төлөшүбүз керек. Пандемияга чейинки Кыргызстандагы кризис, бюджеттин тартыштыгы, пандемиядагы жана пандемиядан кийинки кризис жана дүйнөдө болуп жаткан азыркы каатчылыктарга карабай, кыргыз бийлигинин карызды өз убагында төлөп келе жатышы чет элдик финансы уюмдарынын пессимисттик  божомолдорун дагы жокко чыгарды.

Жапаров билдиргендей, учурда мамлекет тышкы карызды төлөө менен бирге маяна-пенсияларды көтөрүп, мектеп, бала-бакчаларды салууда, аскерлерди күчтөңдүрүүдө. Акыркы эки жылда эле эки миллиард долларга жакын каражатка жаңы үлгүдөгү заманбап аскердик техникалар сатып алынды. Бюджеттин эсебинен жолдор, темир жол, ири ГЭСтер, аэропорттор курулуп, жүргүнчүлөр үчүн зарыл болгон ички аба каттамдар үчүн төрт учак, 1000 автобус сатып алынышы учурдун талабы.Эгер азыркы тышкы карызыбызга кетип жаткан акча казынабызда калганда, мындан да көп жумуштар аткарылып, эмгек акылар, пенсия, жөлөк пулдардын өлчөмү мындан да көп эсе жогоруламак», — деген Өлкө башчысынын айткан сөзү калетсиз.  
Маалыматтарга караганда, 2022-жылы 33,6 млрд. сом, 2023-жылы 48,6 млрд. сом тышкы карыз төлөнсө,  2024-жылы 64,7 млрд. сом, 2025-жылы 75,1 млрд. сом  насыя күтүп турат экен. Каржы министри Алмаз Бакетаевдин билдиргени боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы жана ички карыз) 5,7 млрд долларды түзсө (509 млрд 124 млн сом), анын ичинен 78%ы тышкы карыз, калганы ички карыз болуп саналат. Мында эң көп карыз 1 млрд. 758 млн. доллар Кытайдын Эксимбанкынан, андан кийин 709 млн. доллар Азия өнүктүрүү банкынан алынган насыя.  “Эксимбанк” менен түзүлгөн келишимге ылайык, карызды төлөөдө бир мүнөт кечикпөө талабы бар экенин дагы айтып жүрүшөт. Канткен менен  Президент Кыргызстан тышкы карызынын бардыгы  бюджеттин акчасынын эсебинен төлөнүп жатканын баса белгиледи. Мурунку жылдары тышкы карызды чет элдик гранттын, же карыздын эсебинен жабылганын унутпайлы.

Карызды төлөө – парз. Чын эле тышкы карызды төлөө өлкө үчүн кооптуубу? Эгерде, салыштырмалуу түрдө айта турган болсок, доллардын кожоюну болгон АКШнын мамлекеттик федералдык  карызы 33,59 трлн. долларды түзүп, жалпы карыз өлкөнүн ИДПсынын 121% пайызын түзөт экен. Бул көрсөткүч өлкөнүн туташ кризиске чулгап, бийлик кабатыр боло  турган кырдаалдан кабар берет. Аларга салыштырмалуу Кыргызстандын жалпы карызы ИДПнын 52-54%ын түзөрүн тиешелүү мекемелер айтышууда. Мыйзам боюнча жалпы карыз ИДПнын 60%нан ашпашы керек. Эл аралык каржы уюмдары деле бул көрсөткүч боюнча алдын ала куңгуроо кагып келишет. Демек, Кыргызстандын жалпы карызы опурталдуу абалга жетти деп айтууга негиз жок. Ошону менен бирге карызды убагында төлөө үчүн өлкөдө финансылык база түзүлүп калганын Президент бир нече ирет айткан.

Кыргызстандын бийлиги бюджетти 2020-жылга чейинки убакытка караганда 3 эсе көтөрүүгө жетишти.  Фискалдык саясатты туура жолго коюунун, коррупция менен аёсуз күрөштүн натыйжасында ушундай саамалыктар жаралууда. Буга чейин өлкөнүн тышкы карызын жашыл экономикага алмаштыруу демилгелери көтөрүлүп, айрым өлкөлөр тарабынан колдоого ээ болууда. Ошондуктан, алынган карызды натыйжалуу пайдалануу өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзөрү талашсыз.

 

 

Шекербек КАЛЫКОВ

№89 «Эркин-Тоо» гезити

2023-жылдын 10-ноябры 

 

Иллюстрациялык сүрөт: интернет булактарынан алынды

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!