Экономика жана финансы министрлигинин расмий маалыматына боюнча, Республикалык бюджетти колдоо үчүн ачылган депозиттик эсепке 1 миллиард 665 миллион 353,7 миң сом түштү.
Бул каражат өлкөнүн тышкы карызын төлөө үчүн жумшала турганы белгиленген.
Чогулган сумманын 1 миллиард 535 миллион 340,3 миң сому укук коргоо органдары тарабынан алынган. Ал эми юридикалык жактардын ыктыярдуу түрдө берген каражаты 66,2 миллион сомду түзөт.
Ошондой эле, жеке тараптардан өз ыктыяры менен 63,8 миллион сом которулган. Учурда жыйналган акчанын 722,8 миллион сому республикалык бюджетке которулуп, калган 942,5 миллион сому атайын эсепте сакталып турат.