"Эркин-Тоо"
№81 2021-ЖЫЛДЫН 23-ИЮЛУ

Тыюу салынган баалуулуктарыбызды калыбына келтирдик

Эгемендүүлүгүбүзгө – 30 жыл

Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнө 30 жыл толот. Айтканга оңой болгон бул жылдар аралыгында  өлкөдө көп эле өзгөрүүлөр болду. Билим берүү, медицина жана башка тармактарда ири жетишкендиктер жаралды. Тарыхыбызды тактоо, эне тилибизде эркин сүйлөө колубузга тийди. Мындай өзгөрүүлөргө салым кошкон замандаштарыбызга “Эгемендүүлүк элибизге эмне берди”, — деген суроо менен кайрылып, алардын пикирин угуп көрдүк.

Ж.Баласагын атындагы Улуттук университеттин филология илимдеринин кандидаты, профессор Назгүл Турдубаева:

“Сөз эркиндигине жана тарыхый инсандарды изилдөөгө жол ачылды”

— Эгемендүүлүк – кыргыз эли үчүн чоң олжо. Бардык эле улуттарөлкөгө, желбиреген тууга, гербге, географиялык аймакка ал тургай, көз карандысыздыкка ээ эмес. Алыс барбай Россияны алсам, анын курамындагы субъекттерде канчалаган улуттар жашайт. Тоолу Алтайга, Башкырстанга, Новосибирскиге илимий иштерге байланыштуу бардым. Алар орус бийлигинин башкаруусу менен иш-аракеттерди аткараары байкалды. Буга салыштырмалуу кыргыз эли башка мамлекеттерге көз карандычылыгы жок, башкача айтканда улуттук статусубуз, маданиятыбыз, тилибиз, географиялык аймагыбыз бар. Союз мезгилинде дүркүрөп өнүктүк. Бирок, маданиятыбызды, каада-салтыбызды, улуттук баалуулуктарыбызды ачык айта алган эмеспиз.

Эгемендүүлүк жылдарында өлкө эки багытта өнүгүп бара жатат.Биринчиден, билим тармагына токтолсом, кезинде тарых барактарында Орхон-енисей тексттери бар экенин, кыргыз элинин жазуусу байыркылардан экениначык айта алган эмеспиз. Улуу Октябрь социалисттик революциясы келгенден кийин гана кыргыздар жазганды үйрөндүк деген түшүнүк менен жашадык. Ал эми эгемендүүлүк жылдарынын шарапаты менен тарыхыбызды ачык айтууга, изилдөөгө, кыргыз элинин байыркылыгын тактоого ээ болдук. Мисалга алсак, “Курманжан датка” киносунда  Алымбек датканын Курманжан даткага берген каты – кыргыз жазуусу байыркы экендигин аныктаган сюжетин көрсөтүшкөн. Кезинде Советтик мамлекеттерге тыюу салынган тарыхы бай маданиятыбызды, баалуулуктарыбызды бүгүн калыбына келтире алдык. Алсак, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университет бар. Репрессиянын курмандыгы болгон Касым Тыныстановдун атын ачыкка чыгара албай келсек, учурда анын атында жогорку окуу жайы бар.

Өлкөгө эгемендүүлүктүн, демократиянын баш багышы менен сөз эркиндигине ээ болдук.  Үч президентти өзүбүз алмаштырдык. Бул жылдардагы элдин саясатка болгон көз карашы өзгөрүп, мамлекетти башкаруучуларга сын баа менен караганга жетиштик. Өлкөдө кымбатчылык орун алып, айлыктарыбыз аз болуп жатат. Бирок, баары бир күндө курулуп бүтпөйт. Албетте, элдин үмүтү – Президент Садыр Жапаровдо. Экономикалык, социалдык жактан элдин жашоосун жакшыртып койсо, алдыдагы жылдары шаарларды өнүктүрүүгө, курууга күчүбүз жетет.

Нейрохирург Кеңешбек Ырысов:

“Дүйнө медицинасын багындырып, атагы алыска угулган кыргыз мууну өсүп чыкты”

— Көз карандысыздыкка ээ болгон алгачкы жылдары “Кыргыз медицинасы өз алдынча иштей албай калат. Анткени, орус тилдүү врачтар кетип калса, кыргыз медицинасы жок болот”, — деген пикирлер да жаралбай койгон эмес. Ага карабастан врачтар жана медициналык илимий адистер жапа тырмак иштеп, бул тармакты сактап калышты. Ооба, 30 жыл ичинде медицина тармагында көптөгөн ийгиликтер жаралды. Дүйнө медицинасын багындырып, атагы алыска угулган кыргыз мууну өсүп чыкты. Учурда кыргыз илимпоздору Кыргыз Республикасынын атынанэл аралык иш-чараларга катышып, илимий иштерде ачылыш жасап дүйнөгө таанылгандар бар. Дүйнө жүзүндөгү атактуу ооруканаларда Кыргызстандан барып ийгиликтүү операция жасап жүрүшөт. Албетте, бул тармакты каржылоо азыраак болгонуна карабастан “медициналык кызматкер” деген кесибин кастарлап, өлкөнүн саламаттыкты чыңдоо тармагына өз салымдарын кошуп келишет.Борбордогу ооруканаларга инвесторлордун жардамы менен диагностикалык жана дарылоочу аппараттарды алып келип,  адистерибиз заман талабына жараша өздөштүрүшүүдө.

Медициналык билим берүүнүн флагманы – мурдагы Кыргыз медициналык институтунда, азыркы И.Ахунбаев атындагы медициналык академиясында көп жылдардан бери эмгектенем. Кезиндемедициналык билим берүүбүз союздагы алдыңкы 5 окуу жайдын катарын толуктаган институттардын бири болгон. Эгемендүүлүк жылдары ошол деңгээлди түшүрбөстөн, мындан ары да өнүктүрүүнүн аракетин көрүп келебиз. Биздин Академия эл аралык акредитациядан өтүп, билимге ээ болгон адистерибиз алыскы чет өлкөлөрдө да эмгектенишет.

Коомдук ишмер, академик Жамин Акималиев:

“Эгемендүүлүктөгү алгачкы жемишибиз – Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болдук”

— Эң башкысы — Кыргыз Республикасы демократиялык суверендүүлүккө ээ болду. Кыргыз эли үчүн кан төгүүсүз көз карандысыздыкка жеткенден артык эч нерсе жок го. 70 жыл илгери Советтер Союзунун курамында жүрүп жамандык көргөн жокпуз. Ошол доордун талабы менен өнүгүп, завод-фабрикаларыбыз дүркүрөп иштеп турду. Алар өндүргөн айыл чарба шаймандары Германия, Индия өлкөлөрүнө чейин камсыздаганын эч ким тана албайт. Маданият, экономика, айыл чарба деги койчу, бардык тармактардагы өнүгүүнү алганда 15 союздук республиканын ир алды болуп турдук. Бирок, “Ар бир маселени чечүүгө Москва бийлиги кирише берет. Союздук республика болсок да маселе чечүүгө келгенде укугубуз чектелүү”, — деп ошондогу өлкө жетекчилери нааразы болгон күндөр болду. Өлкөнү чейрек кылым башкарган Турдакун Усубалиев менен чоогу иштедим. “Кадр, чекара, суу жана башка маселелерге чейин киришет”, — деп калчу эле. Кезинде облустун жетекчилерин, райондун биринчи катчысын ал тургай, ири завод-фабрикалардын директорлорун Москва бийлиги дайындачу.

Бизди өкүндүргөнү – Кыргыз ССРнин конституцияда жазылган укуктарын колдоно албай, эне тилибиз менен сүйлөөнү камсыздай алган жокпуз. “Улут болгондон кийин жок дегенде өз тилибиз менен сүйлөсөк”, — деген ойдо жүрдүк. Өлкөбүздүн жетекчилери кыргызча көбүрөөк сүйлөсө, “улутчул” деп куугунтукка алынган.  Ооба, орус тилсиз биз өсө албайт элек. Бирок, ошол мезгилдеприбалтика респуликалары – Кавказ, Армения, Грузия өлкөлөрү өз тилдеринде сүйлөшкөн.

Мындан сырткары, “Манастын – 1000 жылдыгын” белгилөөнү алгач Исхак Раззаков, кийин Турдакун Усубалиев Москва бийлигинин алдына койду. Ошондо “Идеологияны пропагандалоо-агитациялоо” бөлүмү“Советтер Союзунун саясатына туура келбейт, улутчулдукка алып барат”,-деп мааракени белгилөөгө чекит койгон. Ал тургай ошондогу бийлик Молдо Кылычты окутууну туура көргөн эмес. Жети аке, Байтик сыяктуу эл даанышмандарын, баатырларын такыр эле душман көрсөтүшкөн. Акын-жазуучуларыбыздын чыгармалары жогорку бийликтин айтканы менен жазылыш керек эле. КезиндеАалы Токомбаевдин “Кандуу жылдар” романы катуу сынга кабылган. Ал репрессияланып, түрмөдө жаткан мезгилинде кездеменин бетине жазган ырлары “Мумия” деген аталыш менен китеп болуп жарык көргөн. Бир жылга жетпей “советтик идеологияга жат” — деген саясий айып менен китепканалардан да алдырып, жок кылып салышты. Анткени, китепте кыргыздын чыгаан уулдары Төрөкул Айтматовго, Касым Тыныстановго байланган саптар болгон.

Эгемендүүлүктөгү алгачкы жемишибиз – Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болдук. Учурда 220 өлкөнүн катарында Кыргызстандын желеги желбиреп турат. Ага кезинде  Советтер Союзу, Украина, Белоруссия өлкөлөрү гана мүчө эле.Чет мамлекеттерге чыга алчу эмеспиз. 30 жылдан бери эркин чабыттап, балдарыбыз үчүн океандын аркы жээгине жол ачылды. Кытай, Америка, Япония жана Европа өлкөлөрүнүн атактуу окуу жайларында профессор наамына ээ болгон кыргыздын уул-кыздары бар. Жаштарыбыз таанымал компанияларда иштеп жатышат. Бүгүн дүйнөдөгү жетишкендиктер көз алдыбызда.Москвада иштеген ишкерлерге жолукканда маданияты да өзгөрүп, дүйнө таанымы жогорулаганын байкадым. Өзүбүздө иштесе деп канча кейиген менен жылда 3 млрд доллардан кем эмес өз өлкөсүнө которушат. “Билимдүүгө дүйнө кең”, — дегендей жаштардын жолу башка өлкөлөргө да ачылды.

Асел Барыктабасова