Бүгүн, 24-июлда, Түндүк – Түштүк альтернативдик унаа жолунун 280–281-чакырым аралыгына ири көлөмдөгү таштар түшүп, унаа кыймылы убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 12:00дөр чамасында тоо боорунан таш түшкөн. Мындан улам «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын №18 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жана атайын техникалары тартылды.
Учурда жеринде тазалоо иштери жүрүп жатат.

