Бүгүн, 3-июнда, Түркиядагы Мармаристе 5,8 магнитудалуу жер титирөө катталды. Бул тууралуу Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар жана жарандык коргонуу башкармалыгы (AFAD) билдирди. Жер титирөө саат 02:17де (жергиликтүү убакыт боюнча) Жер Ортолук деңизинде, Мармарис шаарынан 23 чакырым түндүк-батыш тарапта орун алды.
Anadolu Ajansı билдиргендей, Мармаристеги силкинүү , Измир, Айдын, Маниса сыяктуу Түркиянын башка аймактарында да сезилген. Анын кесепетинен 69 адам жаракат алган жана алардын көпчүлүгү дүрбөлөңдөн улам терезе же балкондон секиргенде жаракат алышкан .
Тилекке каршы, 14 жаштагы кыз дүрбөлөңгө түшүп (катуу паника), ооруканага жеткирилип, бирок каза болду.

