4-сентябрда Бишкек шаарында түрк кино күндөрүнүн ачылыш аземи өтүп, ага Түркиядан келген белгилүү актёрлор жана актрисалар катышты. Иш-чаранын башталышы “Ала-Тоо” кинотеатрында белгиленип, көрүүчүлөр түрк кинематографиясынын өкүлдөрү менен бетме-бет баарлашууга мүмкүнчүлүк алышты. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги маалымдады.
Маданий долбоор Түркия менен Кыргызстандын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрликтеринин колдоосу менен Кинематография департаменти, Түркиянын Бишкектеги элчилиги жана “Йерли Дүшүнже” коомдук фонду тарабынан уюштурулган.
Кызыл килем аземинин ардактуу коноктору төмөнкүдөй болду:
-
Дамла Сөнмез
-
Йылдыз Чагры Атиксой
-
Эжем Сена Байыр
-
Дуйгу Мержан
-
Барыш Кылыч
-
Аныл Алтан
Ачылыш аземинин жүрүшүндө катышуучулар Түркиянын 2025-жылдагы Оскар сыйлыгына көрсөтүлгөн “Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири” тасмасын көрүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Фильмдин режиссёру жана башкы каарманы Мурат Фыратоглу да иш-чарага келип, көрүүчүлөр менен баарлашты.
Иш-чаранын алкагында көрсөтүлө турган фильмдердин программасы:
-
4-сентябрь: Хемменин өлгөн күндөрүнүн бири, реж. Мурат Фыратоглу
-
5-сентябрь: Сүйүү байланыштары, реж. Хакан Куршун
-
6-сентябрь: Акылдан жүрөккө, реж. Өзер Фейзиоглу
-
7-сентябрь: Хай Хак Карагөз – Хаживат (анимация), реж. Кенан Акташ
-
8-сентябрь: Эрке, реж. Онур Үнлү
Бардык тасмалар “Ала-Тоо” кинотеатрында көрсөтүлөт жана кирүү акысыз.
Эскерте кетсек, “Түркия–Кыргызстан түрк кино күндөрү” 4–8-сентябрь күндөрү өтүп, иш-чаранын максаты — эки өлкө ортосундагы маданий кызматташтыкты тереңдетүү жана түрк кинематографиясын кыргызстандыктарга кеңири таанытуу болуп саналат.