Сосновка постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аба ырайынын кескин начарлашынан улам, Сосновка постунда саат 13:00дон тарта оор жүк ташуучу унааларга убактылуу чектөө киргизилди. Азырка тапта Бишкек-Ош унаа жолунда кар жаап, №9 жол тейлөө ишканасы тарабынан жолдун 124-136-чакырым аралыгы тазаланып, кум себүү иштери жүргүзүлүүдө.
«Өлкөнүн башка ашууларында жааган кар аймакты тейлеген жолчулар тарабынан дароо тазаланып, инерттүү материалдар себилип жатат», — деп айтылат маалыматта.
Транспорт министрлиги туруксуз аба ырайынан улам тоолуу аймактар жана ашуулар аркылуу жол тарта турган айдоочулардан унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууну эскертет.

