"Эркин-Тоо"

УҢГУЖОЛ – УККАНГА САНАТ, УЧКАНГА КАНАТ

Эгемендүүлүк алгандан бери карай журтубузду бир муштумга бириктирүүчү, элибизди “Бир жакадан баш, бир жеңден кол” чыгартуучу улуттук идеологияны тынымсыз издеп келе жатабыз. Ошол отуз жылдык тарыхта Мамлекеттик катчылыкты аркалаган адамдарга жетекчилер тарабынан улуттук идеологияны иштеп чыгуу тапшырмалары берилип, бирок эч бир майнап чыкпаганына күбө болгонбуз. Ал боштукту толтуруу үчүн былтыр Президент Садыр Жапаров “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” доктринасын кабыл алды.

Чынын айтышыбыз керек, ушул күнгө чейин келечекке ишеним жарата турган, коомдун мүмкүнчүлүгүн жаратмандыкка багыттай алган, элдин биримдигин камсыздап берген узак мөөнөттүү идеологияга, башбагытка муктаж болуп келдик. Буга чейин тапшырма берилди деген сөздөр гана жүргөнү болбосо, дитин койгон аракеттер болгон жок. Идеологиялык боштуктун айынан, эгемендиктен кийинки жылдарда жалпы элдин эмес, мамлекетти талап-тоногон жемкорлордун, уюшкан кылмышкерлердин кызыкчылыгы жүрдү. Илим, билим, маданият, акыл-ой, идея жана аларды жараткан улут билгилери баркталбай, тебеленип-тепселип калды. Баарыбыз билгендей, кылым карыткан кыргызды эпикалык мурастар, макал-лакап, учкул сөздөр, санат ырлар жана санжыралар сактап, дем-күчүн арттырып, келечекке туура багыт берип келген. Алардын баары чекеге сүрүлүп, сырттан келген идеологиялар элибизди массалык түрдө маңкурт кыла баштады. Барган сайын берекебиз качып, ырыскыбыз бөксөрүп, анын жыйынтыгында бийликке, мамлекетке, келечекке болгон ишеним азайды.

2020-жылы элдик толкундоо менен бийлик алмашкандан кийин идеологиялык иштер дагы колго алынып, тынымсыз аракеттер жүрүп, былтыркы жылдын этегинде “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” кабыл алынды. Президент Садыр Жапаров быйыл Ош шаарында Нооруз майрамын тоскон маалда дагы улуттук идеологиянын башатын түзгөн Уңгужол боюнча белгилеп, “Акыры жамы журтубуздун бир муштумдай түйүлгөн, көөнө руханий баалуулуктары үчүн күйүнгөн, өнүгүүгө бет алган демин колдоо максатында “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” жөнүндө жарлыкты кабыл алдым. Жамы журт ыйык туткан нукура руханий баалуулуктарыбыз миңдеген жылдар бою тарых майданынан сүрүлүп калбай, бүгүнкү күнгө чейин бизди эгемен эл катары сактап келди, мындан ары да сактай берет. Дүйнөлүк бийиктикке умтулууда Уңгужолубуз улуттук демдин өзөктүү жолу болуп берет. Биз буюрса, Уңгужолубуз менен мамлекеттик, коомдук-саясий, жарандык институттардын ишин бир нукка салып, нарк күткөн, салт билген мекенчил, заманбап илим-билимге умтулган, ар кыл өнөр-кесипке үйрөнгөн жогорку маданияттуу жарандарды калыптандырып, күчтүү Кыргызстанды курабыз” деди.

Арийне, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийликтеринде Президенттин “Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик уңгужолу” жөнүндөгү жарлыгынын аткарылышы аябай солгун жүрүп жатканы айтылууда. Бул боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева парламент трибунасынан төмөндөгүдөй кайрылуу жасады.

— Урматтуу кесиптештерим, биздин баарыбыздын депутаттык ишмердигибизге түздөн-түз тиешеси бар болуп туруп, азырынча көңүл сыртында калып жаткан бир орчундуу маселе бар, ал – өлкөбүздүн мындан аркы өнүгүү жолу, тагдыры, жарандарыбыздын, элибиздин келечеги менен байланыштуу. Баарыңыздардын кабарыңыздар бар деп ойлойм, “Уңгужол” деп аталган идеологиялык-стратегиялык документ жөнүндө баймабай сөз болуп келе жатат. Кыргыз интеллигенциясы, окумуштуулар, коомдун кеңири катмары бул стратегиялык документтин жоболорун жүзөгө ашыруунун зарылдыгы жөнүндө кызуу кеп кылып жатышат. Коомдук уюмдардын “Уңгужол – укканга санат, учканга канат” деген ураан астында биригип жаткандыктарына күбө болдум.

Садыр Нургожоевич өткөн 2024-жылдын 18-декабрында өзүнүн №369 Жарлыгын чыгарып, «Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик уңгужолу» стратегиялык документти бекитти. Ошентип, Урматтуу Президентибиз Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен Уңгужолду жакынкы жылдарда өлкөбүздү өнүккөн, күчтүү, дүйнөлүк бийиктиктерге жеткен мамлекетке айландырууга багыттаган идеологиялык-стратегиялык документ макамына ээ кылды. Уңгужолду ишке ашырууга келгенде, Жарлыктын 2-беренесине кайрылсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине карата: “Мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыгууда жана аларды кабыл алууда, ошондой эле Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн жалпы мамлекеттик программаларын бекитүүдө Уңгужолдун жоболорун жана принциптерин эске алуу сунушталсын” деп турат. Демек, Жогорку Кеңештен өткөн бардык укуктук-нормативдик документтердин, мыйзам актыларынын баарын Уңгужолдун жоболоруна жана принциптерине шайкеш келтирүү зарыл. Муну эч ким жокко чыгара албайт.

Жарлыктын аткарылышын координациялоо Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысына, ал эми аткарылышын контролдоо Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлгөн. Демек, бул Жарлыктын канчалык маанилүү экендиги баарыңыздарга түшүнүктүү болду го дейм. Бирок, биз жылдын башынан бери талкуулаган жана кабыл алган мыйзам актыларынын эч бирин Уңгужолдун жоболоруна жана принциптерине тууралоо демилгесин эч бирибиз көтөргөн жокпуз, ал жөнүндө сөз да болгон жок. Ал турсун, түздөн-түз милдеттендирилген Министрлер Кабинети тарабынан даярдалып келген долбоорлордун да эч биринен андай аракеттерди байкай элекпиз.

Бул кандай? Өлкө башчысы өзүнүн Жарлыгы менен конкреттүү милдеттерди белгиледи, аны аткарышыбыз керек. Президенттин Жарлыгын көрмөксөн болуп, аны көз жаздымда калтырып койгонубуз туура болбойт.

Урматтуу Төрага жана депутаттар, биз мындан кийинки ишмердигибизде Президенттин аталган Жарлыгы менен бекитилген стратегиялык документтин жоболорун эске алалы. Антпесек, өлкө алдында милдетибизди аткарбаган болобуз, бул биринчиси. Экинчиси, бул документтин маңызын толук жана терең түшүнүү үчүн фракцияларда жана комитеттерде атайын угууларды жана керектүү иш-чараларды кечиктирбей өткөрөлү. Үчүнчүсү, бул стратегиялык документтин дыкаттык жана кесипкөйлүк менен иштелген, өлкөбүздү чаржайыттыктардан куткарып, өнүгүүнүн уңгулуу жолуна сала турган асыл идеялардын бирдиктүү системасы экендигин туура түшүнөлү. Анын Кыргыз Республикасынын Конституциясынан кийинки, өлкөбүздүн коомдук турмушунун бардык багыттарын камтыган идеологиялык-стратегиялык, укуктук-нормативдик документ экендигин эстен чыгарбайлы. Төртүнчүсү, буга чейинки колдонулуп келген мыйзам актыларын инвентаризациялоо жана Уңгужолдун жоболоруна ылайыктоо жагынан өз укук жана милдеттерибиздин чегинде көмөктөшөлү. Урматтуу кесиптештерим ары-бери, оңго-солго чайпалуунун доорун соңуна чыгарып, өзүбүздүн Уңгужолубузга түшөлү. Урпактарыбызга бакубат мамлекет, бактылуу жарандар байырлаган Кыргызстанды өткөрүп берели.

Зулпукаар Сапанов