"Эркин-Тоо"

УБАЙЫМГА САЛГАН УЙГУР ЖЕЛЕГИ

Акыркы жылдар кыргыз спорту үчүн ооматтуу жылдардан болууда деп айтууга негиз бар. Дүйнөнү дүңгүрөткөн Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы баш болгон балбан кыздарыбыз менен Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековдордун жараткан ийгилиги улут сыймыгы эмей эмине? Кыргыз спортун Президентибиз Садыр Жапаровдун түздөн-түз колдоосу анын өнүгүшүнө зор салым кошуп жатканын да айтпай кетүүгө болбойт.

Баштагы КР Президенттери спорттук мелдештерге катышканды мындай коюңуз, спорт аянтчаларынын четине барганы боюнча коомчулук кабардар болгон эмес. Президентибиз футбол ойноп, анын шарапаты менен канчалаган мамлекеттик чиновниктер тойтоңдоп чуркап топ тээп өзүн кадыресе спортчу сезип калды. Мына жыл жаңырып, калк арасында жалаң жакшы тилектер айтылып жатканда Садыр Жапаров “Норус” тоо лыжа базасына барып лыжа тебүү менен эчендеген элдин лыжага болгон шыгын ойготуп, республиканын аймагындагы бардык лыжа тебүүчү базаларды ачык колдоп, жарнамалык мүнөздө дүйнө коомчулугунун назарын буруп, Кыргыз Республикасынын туризмине зор салым кошту деп айтууга болот.

Ошентип, жалпы эл жыл соңунда эс алуу менен алек болуп жатканда Чүй облусунун ЫсыкАта районундагы чырдан башы чыкпай келген «ЗиЛ» кышкы эс алуу базасы жаңы жылга өзүнүн кезектеги “сүйрү призи” менен уйгур желегин желбиретип көтөрүп кирип келгени таң калыштуу көрүнүш болду. Жети жыл, тагырагы 2016-жылдан бери бир да пенде баласы көңүл бурбаган «ЗиЛ» кышкы эс алуу базасында илинип турган уйгур желеги быйыл көзгө урунуп, коомчулукта кайчы пикирлер айтылды.

«ЗиЛ» кышкы эс алуу базасынын директору Акбар Розиевдин жалпыга маалымдоо каражаттарына берген маалыматында уйгур желегинин кандайча илинип калуусу, ал кандай укуктук мааниге ээ экени учурда укук коргоо органдары тарабынан тергелип жатканы, мыйзамга ылайык жыйынтыгы чыкканда чара көрүлөрү айтылса, жарандык коомдун өкүлдөрү бул көрүнүшкө сепаратисттик мүнөздөмө берип, күнөөлүүлөрдү тактап, кылмыш жоопкерчилигине тартуу керек деп айтууга жетишти. Ал эми Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы иш териштирилип жатканын маалымдады. Не дейбиз, Президентибиз башында туруп колдоп жаткан кыргыз спортуна жаңы жылда дагы да зор ийгиликтерди каалоо менен тергөөнүн акыйкат жыйынтыгын күтөбүз.

Б.АЛЕНОВ
№1 «Эркин-Тоо» гезити
2023-жылдын 10-январы

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!