"Эркин-Тоо"

УБАРА ТАРТКАН «УЛУУ КӨЧМӨНДӨР МУРАСЫ”

Аталышы атантөөдөй, мамлекеттик бюджеттен дээрлик үч жарым миллиард сом бөлүнүп, Кыргыз Республикасын бүгүн эле кризистен алып чыкчудай болуп түзүлгөн «Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги бир жылга жетпей жоюлууда. Холдинг башчысы Тенгиз Бөлтүрүк камалгандан тартып аталышы кыргыздын жан дүйнөсүнө жат бул ишкананын тагдыры эми эмне болот деген суроо атпай журтту аралай чаап, жооп таппай жүргөн.

«Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдинги кен казуу, гидроэнергетика, билим берүү, туризм жана башка ондогон тармактарда ири долбоорлорду ишке ашырууну алдыга максат койгон эле. Холдинг жабылгандан кийин Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде долбоорго бөлүнгөн каражат тууралуу Каржы министри Алмаз Бакетаев 5-декабрда депутаттарга мындай деп маалымат берди:

— Жалпылап айтканда, «Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингине 2022-жылы 3,4 млрд сом акча каражаты мамлекеттик бюджеттен бөлүнүп берилген. Азыр бул сумманын 100%ы толугу менен мамлекеттик казынага кайтарылат. 700 млн сом өз милдеттенмелерин жабуу үчүн калтырылат. Салык кызматына 600 млн сом кайтарылат. Анткени, холдинг кен байлыктарды чалгындоо жана иштеп чыгуу үчүн лицензия алган, ошондуктан бул сумма кайра кайтарылат. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин 11,8 млн сом талабы бар. Жалпы төгүмдөр 670-680 млн сом болот. Ал эми 20-30 млн сом кеңсенин ижарасы жана айлык акыга жумшалат.

Алмаз Бакетаевдин жогоруда сүйлөгөн сөзүнүн акыркы сабына маани берип карасаңыз: “Жалпы төгүмдөр 670-680 млн сом болот. Ал эми 20-30 млн сом кеңсенин ижарасы жана айлык акыга жумшалат”, — деп ортодогу такталбаган суммадан эле 20 миллион сомдун кайда жумшалары так айтылбай калып жатат. Сөз мамлекеттик бюджеттен сарпталчу 670-680 сом жөнүндө болуп жаткан жок. “670- 680 млн сом. 20-30 млн сом” жөнүндө болуп жатат. Бизде ушундай кыргызча түшүнүк жеке жашообузда эле эмес, мамлекеттик жооптуу кызматтарда да калыптанып калган. 20-30 млн сом кеңсенин ижарасы менен айлык акыга жумшалат экен. Холдинг түптөлгөндөн бери эмне иш аткарып, мамлекетке кандай киреше алып келди? Дегеле 3,4 млрд сом мамлекеттик бюджеттен бөлүп берип холдингди түзүүнүн канчалык зарылчылыгы бар эле? Аткарган функционалдык милдети окшош “Кыргызалтын” ААКсы эмнеге холдингдин милдетин өз мойнуна албайт?

Башкы прокуратура Кумтөрдөгү коррупциялык иштерге байланыштуу Тенгиз Бөлтүрүк менен кошо дагы бир нече кызматкерлерге айыбы угузулуп, камакка алынганын 13-сентябрда билдирген. Мыйзам көзөмөлдөө органы «Кумтөрдү» текшерүүдө ишкананын кызмат адамдарынын коррупциялык схемасынын кесепетинен мамлекетке бир миллиард сомго жакын зыян келтирилгени аныкталганын, үч кылмыш иши козголгонун билдирген.

Тенгиз Бөлтүрүк өзүнө козголгон кылмыш ишин «акылга сыйбаган иш» деп айтып:

— Мага болгон бардык айыптоо жалган жалаа, абсурд. Мен эки чоң компаниянын жетекчиси болуп иштедим, андан сырткары юридикалык иштерди дагы мен аткардым. Аябай көп иш менен алек болуп, бардык иштерди тыкыр көзөмөлдөп турууга жетишкен жокмун. Айрымдары чынында коррупциялык иштер менен алектениши мүмкүн. Анын баарын мага шылтап, мени каралоо негизсиз”- деп укук коргоо органдары тарабынан коюлган күнөөнү мойнуна албай келет.

“Центерра Голд” компаниясы башкарып келген “Кумтөр” алтын кенин Кыргыз Республикасы 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Ири алтын кенин мамлекеттин карамагына өткөрүп алууда Тенгиз Бөлтүрүк чечүүчү ролду аткарганы жалпыга маалым. Ал Кыргызстандын жана Канаданын жараны. Кыргызстанга келгенге чейин чет мамлекетте жашап, эмгектенген. 2020-жылы октябрь айында Кыргыз Республикасында бийлик алмашкандан кийин “Центерра Голд” компаниясынын Директорлор кеңешинин мүчөсү болгон. «Кумтөр Голд Компани» ишканасына 2021-жылы май айында убактылуу сырттан башкаруучу болуп дайындалган.

Тенгиз Бөлтүрүк «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингдин башчысы болуп быйыл февралда дайындалган. Ал эми сентябрда коррупцияга байланыштуу камакка алынып, учурда УКМКнын тергөө абагында отурат. Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту анын бөгөт чарасын карап, 10-январга чейин камакта калуусун узартты.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев тармактык комитеттин отурумунда маселе көтөргөндөй, бул долбоордун ачылып, кайра жабылышына кандайдыр бир мамлекеттик чиновник жоопкерчилик алабы? Жетекчиси мыйзам бузуп камалган мамлекеттик структуралар жоюла берсе, анда бир нече министрликтер жоюлуп кетиши керек эле. Бир жылга жетпей «Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингдин жоюлуп жатканы мамлекет үчүн анчейин зарыл эмес мамлекеттик ишкана болгонунан кабар берет. Салык төлөөчүлөрдөн жыйналган мамлекеттин бюджетинен миллиарддаган сом акча каражатын сарптап бул холдингди түзүү жөн гана баланын оюнундай убаракерчилик болгонун мезгил өзү далилдеди.

№108 «Эркин-Тоо» гезити
2022-жылдын 9-декабры
Бахпурбек АЛЕНОВ

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!