"Эркин-Тоо"
Маанилүү маек Эркин Тоо гезити

“Учкун” ААКтын башкы директору Бакытбек Султанов: “ПАСПОРТ БАСУУ – БУЛ ЧОҢ ЖООПКЕРЧИЛИК”

Мамлекетибиздин өнүгүүсүнүн бир өңүтү өндүрүш тармагына байланыштуу экенин жалпыбыз жакшы түшүнүп турабыз. Учурда “Учкун” ААК алдыңкы салык төлөөчү компаниялардын катарын толуктоодо. Аталган ишкананын башкы директору Бакытбек Султановго азын-оолак собол салдык.

— Бакытбек Мураталиевич, учурда «Учкун» ачык акционердик коому Кыргызстандагы полиграфия тармагын жаңы деңгээлге чыгарууда. Тагыраагы, Президенттин иш башкармасынын жардамы менен “Учкун” ири долбоорлорду ишке ашырып жатат. Ошолордун эң негизгилерин айта кетсеңиз?

— Мамлекетибиз эгемендүүлүккө ээ болгондон берки мезгилдин эсебинен алганда “Учкун” ачык акционердик коому соңку эки жылда түп тамырынан бери өзгөрүүгө барды. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров чечкиндүү кадам жасап, ишкананы колдоп, 2023-жылы Президенттин фондунан 176 млн сом акча каражатын бөлүп берди. Биз аны максаттуу пайдаланып, техникалык базаны, инфратүзүмдү чыңдадык. Жаңы үлгүдөгү заманбап басма-техникалар менен жабдуу, аларды колдоно билген адистерди окутуп даярдоо, имаратты толук түрдө оңдоп-түзөөдөн өткөрүү процесси оңойго турган жок. Сиз белгилегендей, Кыргызстандагы полиграфия тармагын жаңы баскычка көтөрүүгө Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы эбегейсиз жардам көрсөттү. Тагыраагы, Президенттин Иш башкаруучусу Каныбек Тургунбекович Туманбаевдин ыкчам аракеттери аркылуу кыска убакытта өлкөбүздүн экономикасына, өндүрүш тармагына өтө зарыл болгон бир катар долбоорлорду ишке ашырдык. Ал эми негизги долбоорлор – бул окуу китептерин басуу, паспорт өндүрүү, акциздик марка чыгаруу өңдүү олуттуу долбоорлор болду.

— Мурда паспортторду сырттан жасатчу элек. Анда далай коррупциялык иштер катталып, эл айлап-жылдап паспорт ала албай кыйналган учурлар болгон. Азыр паспорт менен өзүбүздү эле камсыз кылбастан, башка өлкөлөргө экспорттоло баштаганы белгилүү болду. Мунун оорчулугу жокпу?

— Ооба, өзүбүздүн жалпы жарандык паспортубузду өзүбүз чыгара баштаганыбыз, ошол эле учурда башка өлкөнүн да паспортун басып берүүнү колго алганыбыз коомчулук үчүн күтүүсүз дагы, жагымдуу дагы жаңылык болду. Паспорт басуу – бул чоң жоопкерчилик жана өтө машакаттуу иш. Бизде даярдалган паспорттун коргоочу элементтери көп жана инновациялык ыкмалар менен жасалат. Ушул өзгөчөлүктөрдөн улам, айрым чет өлкөлүктөр менен келишимдик негизде кызматташуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Буюрса, оорчулугуна, түйшүгүнө карабастан, эл аралык талаптарды канааттандырган деңгээлде паспорт өндүрүү да акырындап жолго коюлуп жатат.

— Мурдагы бийликтин учурунда “Учкунда” басылган күбөлүктөрдөн ката кеткен учурлар болгон. Ошондой эле мектептердеги китептерди чет өлкөдөн бастырган учурлар катталган. Азыр андай алешемдиктер жокпу?

— Басма ишинде “ката” маселеси башынан келе жаткан көйгөйлөрдүн бири болуп эсептелет. Ал эми мектеп-окуу китептерине келсек, “Учкун” ААК басып чыгарып берүүдөгү техникалык сапатына гана  милдеттенген. Анын мазмунуна, каталарына, жасалгасына китепти басууга даярдап берген тарап жоопкер. Мурда окуу китептери чет өлкөлөрдөн басылып келсе, азыркы күндө ал милдетти “Учкун” аткарып жатат. Учурда ишканабыз тажрыйбалуу филолог, котормочу-редакторлор, корректорлор менен камсыздалып, иш ырааттуу жүргүзүлүүдө.

Зулпукаар САПАНОВ