"Эркин-Тоо"

УЧКУН БОЛСО ДА УЧУРУНДА САК БОЛ

Бишкек шаары боюнча үстүбүздөгү жылдын он ай ичинде эле 354 өрт кырсыгы катталып, материалдык чыгым 319 520 806 сомду түзгөн. 4 адам каза болуп, 3 адам ар кандай жаракат алып, 23 адам эвакуацияланган.

Айрыкча кыш мезгилинде аба ырайы суук болгондугуна байланыштуу өрт коркунучу жогору. Анткени, адамдар жылытуу приборлорун өз алдынча жасап алышат, электр тогу менен байланыштуу жылыткычтардын өрт коопсуздугунун эрежелерине жооп бербегендерин колдонушат жана мештердин морлорун өз убагында тазалашпайт. Андан тышкары, жарандардын этиятсыздыгы жана шалаакылыгы да буга кошумча болууда. Бул убакыттарда өрт коопсуздугу сөзсүз эске алынууга тийиш.

Мисалы, жайкысын мээ кайнаткан аптап болсо, кышкысын абанын температурасы кескин төмөндөйт. Азыркы мезгилде кыштын суук мезгилине байланыштуу, айрыкча жаңы конуштарда жайгашкан турак үйлөрдө мештер жана морлор өз убагында тазаланбагандыктан өрт коопсуздугу жогору. Колго жасалган электр жылыткычтардан, ошондой эле көп кабаттуу турак үйлөрдүн жер төлөлөрүнөн жана жылыткыч трассалардан жана люктарынан өрт чыгып, кээ бир учурларда жанында жайгашкан турак үйлөргө от жалындап, натыйжада көп материалдык чыгым алып келүүдө.

Тилекке каршы, бул эрежелер дайыма эле сактала бербейт. Андыктан жарандарды биринчи кезекте электр тогуна этият мамиле жасоого, чылымды өчүрүп таштоого, үйдөн чыгып бара жатканда сөзсүз түрдө электр тогу менен байланышкан приборлорду өчүрүп, өрт коопсуздугун эске алуу керектигин жана этият болушун эскертебиз. Балдарга көңүл бөлүп, от менен ойнобоону түшүндүрүү зарыл. Эгер өрт кырсыгы чыкса 101 же 112 телефонуна чалып, кабарлаңыздар. Кичинекей учкун болсо да өчүрүп сак жүрсөк, бардык кырсыктан оолак болоор элек. Ушуну эстен чыгарбооңуздарды өтүнөбүз.

Т.МУКАМАЛИЕВ, Бишкек шаарынын
Октябрь райондук ӨКБнын өрттү алдын алуу
жана өрт өчүрүү бөлүмчөсүнүн башчысы, подполковник

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!