"Эркин-Тоо"

Луговое айылындагы бейбаштык окуясы боюнча экинчи шектүү кармалды

Аламүдүн районунун Луговое айылындагы бейбаштык окуясы боюнча экинчи шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, 10-июнь күнү саат 21:30 чамасында Луговое айылындагы «Миг» дүкөнүн жанында белгисиз адамдар 1994-жылы туулган Т.Ж. аттуу жаранды эч себепсиз сабап кетишкен. Сабалган жаран мыйзам чегинде чара көрүү боюнча арыз менен Аламүдүн РИИБке кайрылган.

Аталган факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.
Иштин алкагында бул кылмышка шектүү катары Ленинское айылынын тургуну 1992-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоо жайга киргизилген болчу.
Тергөөнүн жүрүшүндө 11-июнь күнү бул кымышка шектүү катары экинчи жаран, Ленинское айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.К. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Кылмыш иши боюнча тергөө уланып жатат.
Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!