Мурдагы премьер-министр Өмүрбек Бабанов «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка ылайык, тергөө амалдарынын жүрүшүн иликтөө учурунда алынган далилдердин негизинде 31-майда Өмүрбек Бабановго КР Жазык кодексинин 319-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш жасаган деген айып тагылган.
Учурда УКМКнын, Башкы прокуратуранын жана Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринен түзүлгөн ведомстволор аралык тергөө тобу Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча долбоорду ишке ашыруудагы коррупциялык фактыларды иликтеп жатат.