"Эркин-Тоо"

УКМК алдамчылыкка шектелген мурдагы депутатты кармады

Алдамчылык беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында издөөгө алынган Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Ж.С. колго түшүрүлдү. Бул тууралуу УКМК маалымдады.

Атайы кызматтын маалыматы боюнча, Ж.С. 2017-жылы чет элдик инвесторлорду алдап, материалдык мүлк жана 7 млн сомдон ашык акчаны өзүнө ыйгарып алган. Кылмышка шектүү милиция тарабынан издөөгө алынган.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен, Ж.С. 18-октябрга чейин УКМКнын абагына камакка алынды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган жаран Талас шаардык кеңешинин мурдагы депутаты Жоробеков Самидин Сагынбекович болушу мүмкүн.