УКМК Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын башчысынын мурдагы орун басары Алманбет Салиевге карата мыйзамсыз баюу фактысы боюнча козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жүргүзүүдө.
Тергөөнүн жүрүшүндө, Алманбет Салиев мамлекеттик органдарындагы кызматтарды ээлеп, анын ичинде Республиканын Президентинин Администрациясынын башчысынын орун басары болуп турган кезде, кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлккө ээ болуп, туугандарынын атына жана жакын адамдарына каттаткан. УКМКнын берген маалыматы боюнча, мыйзамсыз катталган мүлктөрдүн баасы 70 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.
Учурда текшерүү иштери уланууда. Кылмыш иши боюнча тергөө жакынкы аралыкта аяктап, материалдар кароо үчүн сот органдарына жөнөтүлмөкчү.