"Эркин-Тоо"

УКМК алтын куймалары боюнча тараган видеотасмага жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети социалдык тармактардагы алтын куймалары тууралуу тараган видео тасма боюнча үн катты.

Атайын кызмат бул видеону чагымчыл деп атап, видеотасманы даярдоого республиканын чегинен тышкары жүргөн, аларга карата мурда оор жана өзгөчө оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн кылмыш иши козголгон айрым жарандар тартылганын билдирди.

«УКМК азыркы учурда деструктивдүү күчтөр социалдык тармактарда жалган маалыматтарды таратууга багытталган максаттуу маалыматтык иштерди жүргүзүп жатканын, анын максаты Кыргыз Республикасында жетекчиликти каралоо жана коомдук саясий терс пикирди жаратуу экенин белгилейт. Деструктивдүү күчтөрдүн мындай аракеттери республиканын стабилдүүлүгүнө жана прогрессивдүү өнүгүүсүнө потенциалдуу коркунуч туудурат, ошондой эле коомдук-саясий кырдаалдын курчушуна жана мамлекеттин коопсуздугуна зыян келтириши мүмкүн» , — деп айтылат маалыматта.

УКМК жарыяланган маалымат чындыкка дал келбей турганын, интернет колдонуучуларды бул факты боюнча чагымчыл сөздөрдү таркатпоого чакырат.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!