"Эркин-Тоо"

УКМК дээрлик 2 млн сомдук аткезчилик жүк аныктады

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети дээрлик 2 млн сомдук аткезчиликт жүк аныктады.

Ведомстводон билдиришкендей, 16-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы кампада 870 миң сомдон ашык суммадагы кондитердик азыктар түрүндөгү контрабандалык жүктү, чет элдик номурлуу  “Хундай Портер” автоунаага жүктөп жаткан 1992-жылы туулган М.Т.Р. кармалган.

21-ноябрда Лейлек районунун Арка айылындагы Касымбеков көчөсүндөгү тургундун үйүнөн чет элдик мамлекеттик номурлуу “Мерседес-Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү унаасы 1 миллион сомдон ашык эл керектөөчү товарлар түрүндөгү аткезчилик жүк менен кармалды.

УКМК тарабынан иштин бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!