"Эркин-Тоо"

Көлбаевдин өкүл атасы Азим Ройго издөө жарыяланды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) тарабынан «мыйзамдагы ууру» аталган Камчы Асанбектин (Көлбаев) өкүл атасы, жеке ишкер Азим Ройго издөө жарыяланды.

Улуттук коопсуздук органдары тарабынан Азим Ройго КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү (Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо) жана 224-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пункту, 3-бөлүгү (Бүтүмдү жасоого же аны жасоодон баш тартууга мажбурлоо, шантаж аркылуу же зомбулук көрсөтөм деп коркутуу менен алдын ала бүтүм боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган жана байкабастыктан оор зыян келтирүү) боюнча каралган кылмышты жасагандыгы үчүн сыртынан айып тагылып, издөөгө алынды.

«Тергөөнүн жүрүшүндө Азим Рой криминалдык авторитет К.Асанбектин таасиринен пайдаланып, коркутуу жолу менен Бишкекте курулуп жатат “Арстан Таувер” бизнес борборунун 10 млн АКШ долларын түзгөн 6000 чарчы метр үлүшүн мыйзамсыз ээлеп алган.

Муну менен катар Азим Рой менен К.Асанбектин жалпы каржы иштерин биргелешип башкаруунун башка фактылары да аныкталган. Тактап айтканда, Азим Рой Бишкектин престиждүү жерлеринин биринде жайгашкан, аянты 500 чарчы метр, болжол менен 1 миллион АКШ долларын түзгөн кымбат батирди сатып алып, Азим Ройдун жубайы Н.З.Х. атына каттаган. Ошол эле учурда бул батирде К.Асанбек жашап келген.

Ошондой эле А.Ройдун дагы Бишкектин четиндеги элиталык шаарчалардын биринде К.Асанбектин үйүнүн жанында жайгашкан жалпы аянты 1000 чарчы метр, 2 миллион АКШ долларын түзгөн дача үйгө ээлик кылган. Андан тышкары, Чолпон-Ата шаарында жайгашкан “Каганат” эс алуу борборунда 500 миң долларлык коттедж да А.Ройго таандык болгон»,- деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, Азим Рой — мурда Орозахун Сайдазимов, Чүй облусунун Панфилов районунун Чалдовар айылында туулган, учурда Орусиянын жараны.

 

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!