"Эркин-Тоо"

УКМК казакстандык ишкерге козголгон кылмыш ишин токтотту

Жуманбаев Владимир Викторовичке карата Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобун каржылоо боюнча кылмыш ишин козгоо токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо) фактысы боюнча катталган сотко чейинки өндүрүш материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында «Мыйзамдагы ууру» К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Казакстандын ири бизнесмендеринин бири — Джуманбаев Владимир Викторович тарабынан каржылоонун айрым фактылары аныкталган.

Бирок, 2024-жылдын 19-июнунда В.Жуманбаев Кыргызстанга келип, анын активдүү катышуусу менен тергөө органдары тарабынан бир катар тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында В.Жуманбаевге мурда коюлган айыптар, УКТнын ишмердүүлүгүн каржылоого тиешеси жоктугуна байланыштуу алып салынып, сотко чейинки өндүрүш иши токтотулду.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!