8-сентябрда Бишкек шаарынын аймагынан курал-жарак жана ок-дарылар жашырылган жерден 1 даана Ф-1 жарылуучу заты, “7,62 мм” калибрдеги ок-дарылар жана «ПМ» маркасындагы (номерлери өчүрүлгөн) тапанча табылды. Табылган курал жана ок-дарылар кылмыштуу элементтерге таандык болушу мүмкүн. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында бул бекитилген жерди уюштурган адамдар, ошондой эле куралдар жана ок-дарылар коюлган башка жерлерди аныктоо боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.