"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

УКМК кызматкерлери үчүн ден соолукту чыңдоочу борбор ачылды

Бишкек шаарынын четиндеги Таш-Мойнок айылында УКМК кызматкерлери үчүн жаңы ден соолукту чыңдоочу эс алуу жай ишке кирди. Бул тууралуу коопсуздук комитетинен кабарлашты.

«Кызыл Белес» деп аталган борбор 19 гектар аянтты ээлейт.

Маалыматка ылайык, аймак толугу менен жарыктандырылып, иретке келтирилди. Комплекстин аймагында 15 эс алуу үйү курулуп, узундугу 600 метр болгон асма жол салынды.

УКМК төрагасы Камчыбек Ташиайтымында, жаңы комплекс кызматкерлерге, ардагерлерге жана алардын үй-бүлөлөрүнө жылдын төрт мезгилинде тең эс алууга жана ден соолугун чыңдоого мүмкүнчүлүк берет.