"Эркин-Тоо"

УКМК: Мамкурулушта бюджеттик каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде (Мамкурулуш) бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, агенттиктин Турак жай-курулуш департаменти жана Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызмат адамдары тарабынан документтерди кызматтык түрдө жасалмалоо жана жасалма подряддык келишимди даярдоо жолу менен өзгөчө ири өлчөмдө бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз ыйгарып алуу жөнүндө маалыматтар келип түшкөн.

УКМКдан белгилешкендей, 2019-жылдын декабрында Чүй облусунун аймагындагы орто мектепти курууда тендердик сметага кирбеген кошумча жумуштарга тиешелүү тендер өткөрбөстөн, жасалма кошумча келишимдерди түзүү жолу менен, республикалык бюджеттен мыйзамсыз 15 млн сомду “С.Т.” ЖЧК подрядчы уюмунун пайдасына чыгарып, бирок, иш жүзүндө бул кошумча иштер алар тарабынан аткарылбаганы аныкталды.

Топтолгон материалдардын негизинде тергелип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Турак жай-курулуш департаментинин мурдагы директору А.А., Чүй облусу боюнча Капиталдык курулуш башкармалыгынын мурдагы башчысы А.Э., Турак жай-курулуш департаментинин башкы инженери Д.К. жана подряддык ишкананын директору К.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!