Бишкекте жалпы аянты 800 чарчы метр болгон 9 батир жана 300 чарчы метр коммерциялык жай өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
УКМК «Ак-Сай» мейманканасын менчиктештирүүдө мыйзам бузуу фактыларын аныктаган. 1996-жылы ал «Дыйкан-Ордо» ассоциациясына берилген болсо, 2005-жылы аталган уюмдун жетекчиси аны мыйзамсыз түрдө жеке жакка сатып жиберген.
Учурда аталган жерде курулуш иши жүрүп жатат. Эксперттердин эсептөөсү боюнча, мамлекетке 170 миллион сомдон ашык зыян келтирилген. Натыйжада үлүшчүлөр мыйзам бузууларды моюнга алып, келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 9 батир жана аталган курулуп жаткан турак үйдөн 300 чарчы метр коммерциялык жайды өткөрүп берди.

