"Эркин-Тоо"

УКМК: Мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору жана жарандыгы текшерилет

Баардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин дипломдору жана жарандыгы текшерилет. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

«Акыркы жылдары мамлекеттик кызматкерлердин билими тууралуу жасалма дипломдор менен мамлекеттик кызматка орношуу фактылары көбөйгөнү байкалгалуда. Мындай фактылар коомдо активдүү талкууга айланып, мамлекеттик кызматка көлөкө түшүрүп, мамлекеттик башкаруунун бүткүл системасын дискредитациялап, көп учурда айрым ведомстволордун да, жалпы мамлекеттик аппараттын да ишинин оң натыйжаларын терс жагынан көрсөтүүдө.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаров УКМКга бардык деңгээлдеги мамлекеттик кызматкерлердин арасында билими тууралуу жасалма диплом, күбөлүк жана сертификаттардын болушу жана колдонулушу боюнча масштабдуу текшерүү жүргүзүүнү тапшырды», — деп жазылат маалыматта.

Ага ылайык, 2022-жылдын 24-январында башталып, 3 айга созула турган бул текшерүүнүн алкагында, бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин өздүк иштери жана билими бар экендиги тууралуу документтери текшерүүгө алынат.

Пландалып жаткан текшерүү райондордун жана облустардын айыл аймактарынын башчыларын, министрликтердин жана ведомстволордун, алардын түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн деңгээлиндеги мамлекеттик органдардын кызматкерлерин жана жетекчилерин, Министрлер Кабинетинин мүчөлөрүн, Президенттин Аппаратынын кызматкерлерин, жергиликтүү жана шаардык кеңештеринин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, ошондой эле укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлерин камтыйт.

Демилгеленген текшерүүнү эске алуу менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билими тууралуу жасалма документтери бар бардык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерди, бардык денгээлдеги депутаттарды ээлеген кызматын өз алдынча бошотуу маселесин кароого чакырат.

Эгерде мамлекеттик кызматка кирүү жана кызматтык тепкичке көтөрүлүү үчүн жасалма документтерди колдонуу боюнча тиешелүү фактылар аныктала турган болсо, колдонуудагы мыйзамдардын чегинде кылмыш-жаза жоопкерчилигине чейин тартуу каралат.

Бул текшерүү аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети анын жыйынтыгы жана билими тууралуу жалган документтерди колдонуунун аныкталган фактылары жөнүндө коомчулукка маалымат бермекчи.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!