УКМК социалдык тармактарда жалган маалымат таратып, башаламандыкка чакырган делген «predator4407» аттуу аккаунттун администратору аныкталып, кармалганын билдирди.
Маалыматта 1979-жылы туулган А.Д.С. аттуу жарандын чет өлкөдөгү деструктивдүү топтор менен байланышта болуп, алардын көрсөтмөсү менен провокациялык постторду жарыялап келгендиги айтылат.
«Аталган жаран мамлекеттик органдар жөнүндө жашыруун маалыматтарды да чогултуп жүргөн. Ал Instagram жана Facebook баракчаларында 20дан ашык жасалма аккаунт ачып, жаңылыктардын астына билдирүү калтырган. Бул боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 327-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга ачык чакыруу) боюнча кылмыш иши козголуп, анын алкагында А.Д.С. КР УКМКнын тергөө абагына камакка алынды жана конституцияга каршы аракеттерди көздөгөн деструктивдүү күчтөрдүн башка мүчөлөрүн аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары уланууда», – деп билдирди УКМК.

