"Эркин-Тоо"

УКМК мурдагы чиновник Мурат Суталиновго эскертүү берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Мурат Суталиновго эскертүү берди. Бул тууралуу Суталинов өзү социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Ал буга чейин УКМКга сүйлөшүүгө чакырылганын билдирген.

Суталиновдун айтымында, УКМКнын кызматкери ага социалдык тармакта Украинаны колдогон маалымат таратканы үчүн расмий түрдө эскертүү берип, андан соң коё берген.

2005-жылдын мартында Суталинов башкы прокурор болчу. Ал эми май айында ички иштер министри болуп дайындалган. 2006-жылдын күзүндө Улуттук коопсуздук кызматынын (азыркы УКМК) жетекчиси болгон. Бул кызматта 2010-жылдын 7-апрелине чейин эмгектенген. Кийинчерээк камакка алынган. 2019-жылдын 7-майында Бишкек шаардык соту аны ден соолугуна байланыштуу камактан бошоткон.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!