Бир катар фармацевтикалык компанияларга жана Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек жана медициналык каражаттар департаменти коррупциялык иштер боюнча тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
«Бул иш боюнча тергөө амалдарынын жүрүшүндө алынган далилдерди табуу жана тийиштүү түрдө эсепке алуу максатында «М-РАЙН» ЖЧКсынын кампаларында издөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Ири көлөмдөгү дары-дармектердин табылганын эске алып, тиешелүү тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн «М-РАЙН» ЖЧКсы колдонгон сактоочу жайына мөөр басылган», — деп билдиришти УКМКдан.
Учурда бул иштин алкагында тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.