Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев УКМКнын ага тынчсызданып, издөө жарыялаганы үчүн ыраазычылык билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
Атайын кызмат 26-декабрда Жамгырчиевдин жүргөн жерин аныктоого мүмкүн болбой жаткандыгын жана анын Кыргызстанда жок болуусу, чек арадан мыйзамсыз өтүп, башка өлкөдө жүргөнүнөн кабар берерин билдирген.
Кийинчерээк депутат социалдык тармактагы баракчасына Нарын облусунда экенин жазган.
Белгилей кетсек, депутат Эмил Жамгырчиев 27-ноябрга оогон түнү кесиптеши Чыңгыз Айдарбеков менен Казакстанга бара жатканда ага өлкөдөн чыгууга тыюу салынганы маалым болгон. Кесиптеши Элвира Сурабалдиева билдиргендей, Жамгырчиевди УКМКнын кызматкерлери кармап, кайра коё берген.