"Эркин-Тоо"

УКМК Токмокто пара алууга шектелген тергөөчүнү кармады

УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан 7-мартта Чүй облусунун Токмок шаардык милициясынын ага тергөөчүсү пара алууга шектелип кармалды.

УКМКнын маалыматына караганда, кылмышка шектүү жаран Б.Б.К. кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуп, бир нече жолу жарандардан акча талап кылган.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында «Б.Б.К» Жазык-процессуалдык кодексинин 96 жана 97-беренелерине ылайык кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!