"Эркин-Тоо"

УКМК Туризм фондунун кеңсесине тинтүү жүргүзгөн

Башкы прокуратура «Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду» ачык акционердик коомуна пландуу текшерүү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу аталган фонддон билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындан тышкары Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кечээ фонддун кеңсесине тинтүү жүргүзгөн. Тинтүүнүн максаты фонддун мыйзам чегинде иш алып барып жатканын аныктоо болгон.

Учурда Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду өз ишин кадимки режимде улантууда. Бардык долбоор, анын ичинде чет элдик инвесторлор тартылган долбоорлор да ишке ашырылууда. Жолугушуулар жана иш-чаралар белгиленген тартипте өткөрүлүүдө.

Фонд учурда БАЭнин Дубай шаарындагы ири туристтик көргөзмөгө катышууда, эртең Кореянын Сеул шаарында эл аралык туристтик көргөзмөгө катышат.

«Биз компетенттүү органдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар алдыдагы туристтик сезонго таасирин тийгизбейт деп ишенебиз. Туризм тармагынын бардык өкүлү аны баштоого даяр. Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанга келген туристтер көп болору күтүлүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.

Баштапкы капиталы 1 млрд сомду түзгөн «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондун түзүү жөнүндө» чечим президенттин Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөн жылы кабыл алынган.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!