"Эркин-Тоо"

УКМК: Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары кармалды

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басарлары жана башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Маалыматка ылайык, буга чейин козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук банктын мурдагы жетекчилиги тарабынан мыйзам бузулганы аныкталган.

Тактап айтканда, комитетке Улуттук банктын мурдагы жетекчилигинин “Росинбанк” ААКсынын (учурда “Керемет Банк” ААКсы) акцияларынын контролдук пакетин 8 млрд сомго негизсиз сатып алгандыгы боюнча маалымат түшкөн. Анткени, ошол учурда бул банктын иши рентабелдүү эмес, ал эми активдери мамлекет үчүн финансылык жактан максатка ылайыктуу болгон эмес.

Кылмыш ишинин алкагында Улуттук банктын башкармалыгынын төрагасынын мурдагы орун басарлары Ж.Н. жана Т.А., ошондой эле башкармалыктын мурдагы мүчөлөрү С.А. жана С.Н. аттуу жарандар кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Тергөө келтирилген зыяндын так өлчөмүн, ошондой эле бул кылмышты жасоого катышкан адамдардын бардык чөйрөсүн аныктоого багытталган иш-чараларды улантууда.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!