"Эркин-Тоо"

Жалал-Абад облустук сотунун үч судьясы жана адвокатура башчысы кармалды

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) сот системасындагы коррупцияга бөгөт коюу чараларынын алкагында Жалал-Абад облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын судьяларына пара берүү фактысын аныктады.

Мекеменин басма сөз кызматы бул тууралуу 17-январда маалымдап, ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында Жалал-Абад облусунун аймактык адвокатурасынын төрагасы М.А.М. судьяларга пара берүүдө ортомчулук кылганы такталганын билдирди.

Маалыматка ылайык, буга чейин Жалал-Абад шаардык соту өзгөчө ири өлчөмдө баңгизаттарды мыйзамсыз өндүрүүгө жана сатууга айыпталган Х.С.С. аттуу жаран 10 жылга эркинен ажыратылган. Бирок облустук соттун судьялары Э.К.К., М.У.К. жана К.М.М. соттолгон адамдын кылмышын башка беренеге квалификациялап, жаза мөөнөтүн азайтышкан. Ошондой эле башка мамлекетте, апасынын колундагы уулу 14 жашка чыкканга чейин деген негизде өкүмдүн аткарылышын мыйзамсыз создуктурган.

«Адилетсиз чечимдин натыйжасында Х.С.С. камактан бошотулуп, укук коргоо органдарынан качып кеткен. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, Жалал-Абад облусунун үч судьясы камакка алынган. 2025-жылдын 13-январында адвокатура төрагасы М.А.М. кармалып, УКМКнын тергөө абагына камалды» деп жазылган маалыматта.

.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!