"Эркин-Тоо"

УКМК: Жасалма акча жүгүрткөн казакстандык жаран кармалды

Чет элдик валюталык жасалма акчаларды мыйзамсыз сактоо жана сатуу фактысы аныкталды.

2021-жылдын 22-августунда экономикалык коопсуздукту камсыздоо боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, чет өлкөлүк валюталык жасалма акчаларды алып келүү жана таратуу фактысы  аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Манас районунун «Чоң-Капка унаа жолу» өткөрүү пунктунун аймагында жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын биринде, ири өлчөмдөгү жасалма валюталарды (АКШ доллары) сатууга аракет кылып жаткан жеринен Казакстан Республикасынын жараны «Д.С.Я.» кармалган.

Бул факт КР Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренеси (Акчаны же баалуу кагазды жасалма жасоо) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, кармалган жаран Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесине ылайык Талас облусунун ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда бул фактынын бардык жагдайларын изилдөө жана мүмкүн болгон шериктерин аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

Пример HTML-страницы